www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу мекендештер!

Сиздер менен өлкөдөгү болуп жаткан окуялар тууралуу ой бөлүшкүм келди. Ачыгын айтканда өлкөбүздө акыркы мезгилдерде тынчтык өкүм сүрбөй ызы чуу менен коштолууда. Бир карасаң Баткенде, Жалал-Абадда чекара чыры, бир карасаң өлкө ичинде бийликке болгон нааразычылыктар. Ушул терс көрүнүштөрдү карап олтуруп эмне деп айтаар сөзүңдү да билбейсиң. Күндөн күнгө эл арасында бийликке болгон нааразычылык күч алууда, аны соц тармактардагы таратылып жаткан маалыматтардан байкасаңар болот. Эл дагы бийликке көйгөйлөр тууралуу кайрыла берип, маселелер чечилбей көңүлдөрү калды окшойт. Баткен чек арасы боюнча бир нече жылдан бери кайрылышат, бирок жыйынтык жок, азабын эл тартып жатат.

Садыр Жапаров тууралуу кайрылбаган эл калбады окшойт, күнөөсүз экенин баары билишет, бирок, түрмөдө бийликтин кармап олтурушу табышмак, күнөөсүз адамды кармап олтуруунун зарылчылыгы жок, тезирээк актап чыгаруу керек. Ал эми элдин, мамлекеттин байлыгына кол салган коррупционерлерди колдоп, ар кандай шылтоолор менен жоопкерчиликтен бошотулуп жатканы элди өкүндүрөт. Бийликтин мындай элге болгон терс мамилесине элдин көпчүлүгү нааразы болушууда. Бул нааразычылыктардын арты опурталдуу болуп турат, эгер бийлик калыс, адилеттүү, чечкиндүү кадамдарга барбаса элдин ишениминен толук чыгып кетиши мүмкүн.
Ошондуктан президентке кайрылар элем, бүгүнкү күнгө талапка жооп бере турган, элди ынтымакка келтирип, элдин ишенимине кире турган, өлкө ичиндеги көйгөйлөрдү чече турган Өкмөттүн курамын түзүп өзгөртүүнү. Бүгүнкү иштеп жаткан өкмөттүн курамы өздөрүнүн жөндөмсүз экенин көрсөтүштү.

Элге төмөндөгүдөй Өкмөттүн курамын сунуш кылар элем кээ бир негизги тармактар боюнча.

  • 1 - Биринчи Вице премьер министр - Сарыбашев Т. Оштун Мери.
  • 2 - Вице премьер Мамбетов Базарбай.
  • 3 - Вице премьер министр - Ташиев Камчыбек.
  • 4 - Вице премьер министр - Айтбаева Гульнара.
  • 5 - МВД - Суваналиев Өмүрбек.
  • 6 - Финпол - Мамытканова Максат.
  • 7 - Чекара кызматы - Медетбеков Артур.
  • 8 - Ген Штаб - Исаков Исмаил.
  • 9 - СНБ - Кочкоров Улукбек.
  • 10 - Ген прокурор - Абдылдаев Мыктыбек.
  • 11 - Жогорку Сот - Зулушев Курманкул.
  • 12 - Конститутциялык палата - Сооронкулова Клара.
  • 13 - ӨКМ - Кадыров Кубанычбек.
  • 14 - Билим берүү министрлиги - Исаков Каныбек.
  • 14 - Бажы - Ьузурманкулов Айбек.
  • 15 - Каржы министри - Келдибеков Акматбек.
  • 16 - Маданият министри - Садык Шернияз.

Негизинен ишти уюштура, эл менен тил табыша билген адамдар келсе бүгүнкүдөй көйгөйлөр жаралбайт беле деген ой. Жогорудагылардын бир топ тажырыйбалары бар, иштерди уюштуруп жөнгө салат деген ишеничтемин.
Эл дагы, президент дагы ойлонуп туура кадамдамдарды жасабаса эртең кеч болуп калышы мүмкүн. Бул менин гана ойлорум, тилегим, өлкөбүз тополоңу жок туура жолун тапса экен деген тилек. Жогоруда мен атын атагандар жакпаса аларды тепкилебей эле койгула, алар мен сыйлап үмүт кылган адамдар.

Булак: NazarNews.org

Последние новости