www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Отуз жылга жакын убакыт болсо да Кыргызстандын жарымы же Өзбекстан, Тажикстан менен болгон чек аралар али такталып бүтө элек. Атамбаев мамлекет башында турганда ал кездеги Өзбекстандын президенти Ислам Каримов кетмейин Сох маселеси чечилбейт деп агынан жарылган. Ислам Каримовдун көзү өткөн соң, Өзбекстан менен болгон чек ара такталып 80 пайызы чечилип, 20 пайыз талаш–жер сүйлөшүулөрдөн соң чечиле турган болгон. Сүйлөшүүлөр узакка созулуп кеттиби, же чек арага жооп бере турган вице–премьер Мадумаровдун шалаакылыгынан Сох тарапта чыр чыгып кетти. Өзбекстан менен чек ара маселелерин тез арада чечүү мезгилдин талабы болуп турат. Учурда Чечмедеги жаңжалда жаракат алган эки кишинин абалы оор. 31-май күнү кыргыз-өзбек чек арасындагы чатакта жаракат алган 15 адам Айдаркен шаардык медициналык борборуна кайрылышкан. Алардын ичинен төртөө түрдүү жаракат менен ооруканага жаткырылган, экөөнүн абалы оор. Калгандары медициналык жардам алгандан кийин үйлөрүнө кетишкен. Таш атышуудан 16 өзбекстандык жараат алып, ооруканага кайрылганын Сох районунун тургунунун маалыматына таянып жазды. Өзбекстан муну расмий бышыктай элек.

Жаңжал чыккан жерде эки “Тез жардам” бригадасы нөөмөттө турат. Аларга көмөк көрсөтүүгө Баткен облустук ооруканасынан реаниматолог менен травматолог адистер саламаттык сактоо боюнча облустук координатор менен бирге Чечмеге чыгып кетишти” деп жазылган. 31-майда саат 12:30 чамаларында Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Чечме айылынын тургундары менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын тургундарынын ортосунда чыр чыгып, бири-бирине таш ыргытышкан. Чыр эки тарап Чечме айылындагы булакты бирге тазалап жатканда "булак бизге таандык" деп, сөз талашкандан чыккан. Өзбекстандын чек ара кызматы да бул окуя боюнча билдирүү таратып, "кырдаал толук көзөмөлдө" деп маалымдады.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости