www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Чечме айылынын жана Сох районунун Чашма айылынын тургундарынын ортосунда кечээ, 31-майда чыр чыккан. Бул окуя боюнча Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын жергиликтүү бийлик органдарынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, эки өлкөнүн укук коргоо органдары тарабынан биргелешкен кайгуул күзөтүүнү жүргүзүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

"Окуя орун алган учурдан тарта Кыргыз өкмөтү коопсуздук чараларын күчөтүп, жеринде чыңалууну жана конфликттин курчушуна алып келбөө боюнча жалпы координация жүргүзүп, жергиликтүү бийлик жана укук коргоо органдарына тиешелүү тапшырмалар берилген.

Бүгүн, 1-июнда тараптар сүйлөшүүлөрдү улантат. Жергиликтүү элге коомдук тартипти сактоого жана чек ара кызматташтыгы менен коңшулук алаканы бекемдөөгө багытталган түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Тургундар конфликт болгон аймактан чыгып кетишти. Кырдаал салыштырмалуу туруктуу", - деп жазылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости