www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чын эле жалган дүйнөдө кыйналып жүргөнчө о дүйнөгө эрте эле кете бербейлиби? Эмне үчүн жашоо үчүн талашып күрөшөбүз? Уйку көрбөй дүнүйө жыйсаң, анын да аягында чымындай жаныңа пайдасы тийбей керексиз болуп калса. Ашык дүйнө ачкөздүк, аягы азап берет дешет. Жашоо үчүн күрөш деп коёт. Күрөшпөгөн адам жок, баарына жашоо керек. Байлык, дөөлөт, бийлик керек. Бул үч нерсени ойлобогон адам болбосо керек. Жалкоо болсоң жакшы жашоо жок. Бул эмне? Кара жанды карч уруп байлык топтоп, 10, 15, 20 жылдык өмүрүңдү арнап байлык тапсаң, эми ушунун үзүрүн көрөйүн десең, элге да, Кудайга да ачкөз аталып жакпасаң, жалкоолонуп жаман жашасаң, элге окшоп аракеттенип элге окшоп жетишип жашабайбы, элден эмнеси кем деп үй-бүлөңө да, элге да жакпасаң. Кудайым адам пендесин жаратканда бардык нерсени жашоо үчүн берген, бирок акыл берип туруп, бардык нерсеге (ала турган нерсеге да, бере турган нерсеге да) чек койгон.

Ашыкча жесең ал зыян, ашказанда ашык тамак чирип, ууга айланып, денеге тарап тез карытат, ашказан ж.б. ички органдар (бөйрөк, өт, жүрөк ж.б.) иштен чыгып, ашык тамакты иштеп чыга албай өмүрлөр кыскарат. Экинчиден, Кудайым пендеге нысап деген нерсени берген. Нысап кылган сайын береке деп коюшат. Нысаптуу болсоң ден-соолугуң сакталат, элден журттан чыкпайсың, өзгөгө да, Кудайга да жагасың, узак жашайсың. Ошентип бардык нерсенин Кудай кылган чеги бар, алар миллион жыл жашашы мүмкүн, эл байлыгын, жер байлыгын Кудайым уланган урпактарга да насип этет. Демек бардык нерсенин чеги бар. Чегине жеткенден кийин нысап болуш керек, ушул экөөнү аткарууга акыл керек. Менден кийинкилер да мага окшоп жашоо керек деп акылы менен ойлонуп, жүрөгү менен сезип жашоо үчүн атайын адамдарды айбандардан айырмалап акыл берип жасаган Теңирим. Бирок айбандарда сезим болгондуктан азыгын ашык сарптабайт. Чегине жеткенде жатып эс алып, жегенин аш кылууга киришет.

Адамдар хан сарай, дача, ак ордо салууга ашыгабыз. Ошол үчүн чегинен ашып, нысаптан кеткендерди Алла Таала ар кандай жол менен жазасын берет. Ошондуктан ааламда чоң көз, баарын көрүп сезип турат деген сөз бар. Ошол көздөн коркуп жашагандар бактылуу. Ошондуктан Теңирим ар бир адамга ичээр суусун, абасын, тамагын бир өмүргө ченеп берген. Күндүн нурун да бир өмүргө ченеп берет. Көрөөр күнүң (ченелген күн нуру), ичээр сууң бүткөндө кааласаң да, каалабасаң да акыркы тамчы оозуңа тамызып о дүйнөгө аттанасың. Бул бир жагы. Экинчи жагы, айтылып жүргөндөй ар бир адамдын бул жарык дүйнөдө аткара турган милдети бар. Ал кудай берген милдетти эл үчүн, урпактар үчүн, ар бир адам аткаруу керек. Эгер аткарбасаң Алла Таала зордоп аткарууга мажбурлайт.

Мисалы, табыпчылыктын түрлөрү, бул урпакка уланып элге кызмат өтүүчү Кудай тарабынан берилген милдет. Үчүнчү жагы, адамдарды урпак улоо үчүн жаратат. Эгер урпак уланбаса аалам, жерде жашоо жок. Ааламды Рух дүйнө, жерде адам дүйнө экөөү биригип жашоо дүйнөнү түзөт. Ошондуктан өзүн-өзү өмүрүн кыйгандарды мен берген милдетти аткарбай эмне келдиң деп Кудай эң катуу жазалайт. О дүйнөгө оолукпай эле Кудай ченеп берген тамагын жеп, берген милдетин алдын жетишинче аткарып, Кудайдын буйругу менен убагында жаныңды алганы келдим деген Ажалга моюн сунуп кеткенибиз оң.

Нысап, чек-чеги менен деген да ааламдык мыйзам болуп эсептелет. Аткарсаң Аллага жагасың, анткени анын мыйзамын аткарып жатасың. Рухий казына, Рухий байлык деген адал, арам, убал, сооп, жакшылык, бары ааламдык мыйзамды ишке ашыруу үчүн, аалам, жерди сактап калуу үчүн, салт болуп канга сиңирип кеткен ата-бабаларыбыз.

Ушуларды эсепке алып аткарып жашаган адам ал чыныгы Кудайдын пендеси болот б.а. Кудай жолунда жүргөн адамдар.

Кеңешбек Айтикеев

Булак: NazarNews.org

Последние новости