www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги коомдук ишмер Кеңешбек Дүйшөбаев менен Батукаевдин иши боюнча Атамбаевге чыккан соттун чечими боюнча баарлаштык.

--Кеңешбек мырза,  Батукаевди мөөнөтүнөн мурун бошоткону үчүн Атамбаевга  11 жыл эки айга камап, өзүнүн жана жакындарынын мүлктөрүн конфискациялап,  сыйлыктарын жокко чыгарган соттун чечими чыкты.  Бул чечимде бөрк ал десе баш алган саясат орун алган жокпу?

--Менин оюмча, А. Атамбаевга чыгарылган соттун чечими мыйзам чегинде, акыйкаттуу чыгарылды. Себеби, баш кесер, мыкаачы кылмышкерди жазадан бошотуп, өлкөдөн чыгарып жиберүү үчүн Баш мыйзамдан тартып, улуттук ар-намыска чейин тебелеп-тепсеп, мамлекеттик органдардын баарына мыйзамсыз тапшырма берип, аны аткарууга  мажбурлап, эл аралык деңгээлде Кыргызстандын аброюна, беделине орду толгус зыян алып келген адамга дагы кандай баа берсе болот.

--Индира  Жолдубаева, 5 млн. айып салуу менен чектелгени туура эле болдубу же жумшак мамиле жасалып калдыбы?

--Атамбаев менен кошо соттолгон атка минерлерге сот жумшак мамиле жасады деп ойлойм. Анткени алар мыйзамды сактап, урматтап, улуттук ар намысты жогору коюшса, эч качан Атамбаевдин авантюрасын ойлонбой аткарышмак эмес. Өздөрүнүн кызматтык кызыкчылыгын гана ойлогон адамдарга акыйкат чечим чыгышы керек эле. Бул окуя келечекте дагы башкаларга сабак болушу керек.

--Ошол кезде жооптуу кызматты аркалаган Шамиль Атаханов  тергөө менен кызматташканы үчүн  жоопко тартылган жокпу?

--Батукаевдин ишинин алкагында, ага тиешеси бар, мурун жогору кызматтарда жүргөн атка минерлерге тергөө өзүнчө жүргүзүлүп, ал азыр соттун кароосуна кетпедиби. Аны сотто кароонун жыйынтыгы да, жогору айтылгандай болуп, көпчүлүгүнө жумшак болсо, анда  бул иш Атамбаевди кана нейтрализация кылып, убагында анын айткандарын жан далбастап аткарып, бирок учур өзгөрсө, аны ит бекер сатып, өз башын сактап калуу үчүн баарына даяр болгон адамдар менен болгон келишимдей экенине коомчулук баа берет деп ойлойм. 

--Батукаевди алып келүү аракети деле болгон жок. Бирок, Атамбаевди 11 жылга кескени бийликке каршы чыккандарды  камап, жазалаган өч алууга окшогон  саясат орун алып жаткан жокпу?

--Батукаевдин алынып келерине учурунда эч ким, жада калса ал авантюраны жасагандар деле, ишенбесе керек. Бирок бул факт орун алды да. Ага укуктук баа берилиши керек болчу да. Мыйзамсыздык, өкүмзаарлык, өзүмбилемдик орун алып, мезгили келгенде акыйкаттык, калыстык өз ордун таап жатса, эмне үчүн аны өч алуу саясаты жүрүп жатат деп баалашыбыз керек.  Кыңыр иш кырк жылда болсо да билинет деген элибизде сөз бар эмеспи. Кыңыр ишке жөнөкөй пенде кана эмес, мамлекет башчы да барбашы керек экенин кудайыбыз эскертип жаткан жокпу... ?!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости