www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Бүгүнкү күндө Баткен жергесинде жүргүзүлүп жаткан аскердик машыгууларды, кошуналарыбыз терс кабыл алаарында шек жок», - деди бүгүн, 9-апрелде NazarNews маалымат агенттигине Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев.

- Кеңешбек мырза, Ворух анклавын алмашуу тууралуу расмий Бишкектин сунушу Тажикстанда эмнеге талкуу жаратты? 

- Чек ара маселелери биздин чөлкөмдө эң талылуу маселелердин бири экени талашсыз. Ондогон жылдардан бери чечилбей келе жаткан маселелерди терең изилдебей, башка кызыккан тараптардын позицияларын эске албай, «көк бөрү» тарткандай, тез аранын ичинде чечип салуу мүмкүн эмес. Расмий Бишкектин сунуштары кайсы деңгээлде иштелип чыгып, ага кимдер авторлор экенин мен, албетте, биле албайм. Бирок, менин оюмча, бул маселе абдан назик экенин эске алып, Тажик тарапка бергенден кийин, аны ачык жарыялабай, ызы-чуу чыгарбай, кошуналар анализдеп, иштеп чыгып, жообун бергенден кийин, эки тараптуу мамилелерге эч кандай доо кетпегендей кылып, элге, коомчулукка жеткирүү, түшүндүрүү керек эле. Бүгүнкү күндө Баткен жергесинде жүргүзүлүп жаткан аскердик машыгууларды, кошуналарыбыз терс кабыл алаарында шек жок. Көп эл аралык уюмдарда (СНГ, ШОС, ОДКБ ж.б.) бир болсок, ортобузда көп тараптуу да, эки тараптуу да келишимдер, милдеттенмелерибиз болсо, байыртан келе жаткан бир туугандык мамилелерибиз болсо, ар бир сөздү, кадамды салмактап, аяр жасообуз керек деп ойлойм.   

- Тажикстандын мурдагы тышкы иштер министри Хамрохон Зарифинин билдирүүсү Тажикстандын позициясын билдиреби?

- Тажикстандын Президенти Э.Рахмон эң тажрыйбалуу, көптү көргөн, башынан өткөргөн, бийликти бекем кармап турган мамлекет башчысы экенин баарыбыз билебиз. Мурдагы тышкы иштер министринин оозу менен биздин бийликке гана эмес, мамлекетибиздеги, коомубуздагы процесстерге баа берди деп эсептейм. Өзүлөрүнө эч кандай дипломатиялык жоопкерчилик алышкан жок. Бирок, ошол эле мезгилде баарын ачык билдиришти.

- Ворух анклабынын маселесин алмашуусуз чечүүнүн жолу барбы?

- Тажикстан Ворухту эч качан бербейт, алмашпайт. Чек ара маселелерин чечүүнүн ыңгайлуу, укуктук, эки тараптын кызыкчылыгын эске алып, тынчтык жолу менен чечилүүсү зарыл. Бул иште шашылуу, күчкө салуу, сес көрсөтүү терс кана жыйынтык берет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости