www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Талас облусунда бир күндүк иш сапары менен барды, - деп билдирет министрликтин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, министр иш сапарын Кара-Буура районунан баштап, оболу окуу корпустарынын бири өрттөнүп кеткен Ак-Жар айылындагы А. Калыбаев атындагы мектепке барды. Министр мектептин педагогикалык жамааты менен пикир алышып, окуучулардын сабактарына катышты.

Коштошуп жатып, министр бул мектепке 7 комплект компьютер тапшырып, жаңы окуу корпусунун курулушун республикалык бюджеттен каржылана турган объекттердин жылдык титулдук баракчасына киргиздирерин убада кылды.

Андан чыгып, ошол эле райондогу “Ак Шоокум” бала бакчасына кайрылып, бала бакчага 1 комплект компьютер тапшырды.

Министр райондо жүрүп жаткан социалдык объекттердин курулушу менен жеринен таанышуу максатында окуу корпусунун курулушу 70 пайызга аяктап, бирок каржылоо маселесине байланыштуу токтоп калган Кайнар орто мектебине барып, курулушу бүтпөй жаткан мектептин маселелерин чечүү жолдорун талкуулап, тиешелүү адистерге курулуш иштерин эртелетүү тапшырмасын берди.

А. Бейшеналиев Кара-Буура районунун Шекер айылындагы Т. Айтматов атындагы мектепке да барып, мугалимдер жана окуучулар менен жолугуп баарлашты.

Министрдин андан аркы сапары Талас шаарында уланды. Мамлекеттик социалдык буйрутма боюнча алгач кыска мөөнөттүү (3 сааттык) болуп ачылып, кийин ата-энелердин суранычы менен кадимки бала бакчалардай иштеп калган Талас шаарындагы №16 бала бакча менен таанышып чыккан министр азыркы убакта кыска мөөнөттүү бала бакчалар керек экендигин баса белгилеп, бул багыттагы иштерди күчөтүү зарыл деп кошумчалады.

Бир күндүк иш сапарынын алкагында министр шаардагы Э. Айылчиев атындагы мектептин да астанасын аттады. Бул мектептин муктаждыгынан кабардар министр анын жетекчилигине 8 комплект компьютер тапшырды.

Иш сапарынын соңунда министр №90 кесиптик лицейге жана Талас мамлекеттик университетине барып, студенттер менен жолугушту.

Жолугушуу маалында жаштарды креативдүү ойлонууга, билимди талыкпастан алууга, келечекке чоң максаттарды коюуга, адамдардын укугун сыйлоого чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости