www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги генерал, коомдук ишмер Кеңешбек Дүйшөбаев менен “Чоң казатчылар” тууралуу сүйлөштүк.

--Кеңешбек мырза, «Чоң казатчылардын» аракеттери, максаттары парламенттик шайлоого баруубу же чындап мамлекетти саздан чыгаруубу?

--"Чоң казаттын" лидерлери айтып чыгышпадыбы, “бул күзүндө боло турган парламенттик шайлоого карата болгон PR-компаниянын биринчи кадамы” деп. Мен деле ошондой кабыл алдым. Чоң шайлоого катышуу үчүн популисттик ызы-чуудан башка терең, көп тармактуу идеологиялык программа, уюштуруучулук чоң иш чаралар, региондордо жана мамлекеттик деңгээлде штабдык структуралар, электоралдык жана саясий-коомдук колдоо, абдан чоң материалдык-каражат ресурстары керек. Бул жагын мен көрбөй турам. Ошондуктан мен "чабал өрдөк эрте учат" деген макалдын мааниси бул жерге туура келет деп ойлойм. 

--Сыймык Жапыкеевдин “чындыкты айтып чыксам, мени 10 млн. сомго доого жыгып сотко берип жатат” деген cөзү орундуу элеби?

--Сыймык Жапыкеев Баш прокуратурада маанилүү иштер боюнча тергөөчү болуп иштегем деп айтпадыбы. Ошондуктан өзүнүн айткандары чын экендигин документтер, далилдер менен бекемдеши керек деп ойлойм…

--Кубанычбек Жумалиев «Чоң казатчылар» айткандай байлыгым жок деп Куран да кармады. Бирок, иш Куран менен бүтпөсүн далилдеп, финполиция кылмыш ишин козгоп, мүлкүн иликтей баштады. Жапыкеевдин өзүнө да кылмыш иши козголду. Талаштан тактык жаралат деп ишенсек болобу?

--Чынында Куран кармап карганганды мен туура көргөн жокмун. Бир адамды алдаса болот, көп адамды алдаса да болот. Биздин тарыхта баарына  калп айтып, элдин ырыскысын уурдап, алдаган президенттер болгон. Бирок Кудайды эч ким, эч качан алдай алган эмес. Ошондуктан чындык ким тарапта экенин Кудайдын акыйкаттыгы, калыстыгы тез эле көрсөтүп койот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости