www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Кеңешбек Асанбекович, сиз курал менен бийликти басып алууга даярдык көргөн деп айыпталып, азыр соттук процесси жүрүп жаткан Канатбек Исаевди коргоо комитетинде иш жүргүзүп келатасыз. Өткөн жумада райондук соттук процессте Исаевге козголгон кылмыш иштеринин бири кыскарды. Соттун бул чечими сиздерге Канатбек Исаев толук акталып чыгат деген үмүттү жандырдыбы?

— Канатбек Исаевдин тарапташтары, колдоочулары соттун мындай чечимине ыраазы болдук. Биз башынан эле мурунку бийлик Канатбектин үстүнөн жасабаган ишти жасады деп саясий себептер менен күчкө салып соттоп жатат деп айтып келгенбиз. Өткөн жумадагы соттун чечимин иш жакшы жакка чечилип жатат деп кабыл алдык. Президент Сооронбай Жээнбеков “Иштердин баары мыйзам чегинде чечилиши керек” деп айтпадыбы. Президенттин ошол айткан сөзү иш жүзүнө ашып жатат деп сезебиз. Сот системасы чоң орган, ал күүлөнүп, чоң ылдамдык менен келип атканда заматта токтото калуу мүмкүн эмес. Бара-бара баары өз ордуна келип, президент айткан калыстык, акыйкат принциптери бир калыпка түшөт деп ойлойм.

— Исаевди камакка алганда “Криминалдын өкүлдөрү менен сүйлөштү, аларга акча берди” деген видео тасма жарыяланбады беле. Мурунку бийликтин тапшырмасын аткарган адамдар “караларды” атайын киргизип, өздөрү баарын уюштурушканбы?

— Бул иш мурунку бийлик тарабынан уюштурулганына эч кандай шек жок. Өздөрү уюштурушканы чындык. Ошол видео жазууларда, кийин берген көрсөтмөлөрдө курал менен бийликти басып алуу тууралуу бир дагы сөз, далил жок. Бул окуя болуп жаткан мезгилде президенттик шайлоо аябай кызып жатпады беле. Президенттикке талапкерлердин баары штабдарын ачып, уюштуруу иштерин жүргүзүп, аларга керек болгон каражатты бөлүп берип жатышкан. Ошондой иштерге деген акчаны берип жатканын видеого тартышып, андан кийин бул ишке тийешеси жок “каралардын” сүйлөшүүлөрүн ага чапташтырып, иш козгогону акылга сыябы? Атамбаевдин бийлиги Канатбектин Чүйдө аброю чоң экенин, уюштуруу жөндөмү мыктылыгын жакшы билген. Ошон үчүн жок нерседен ишти токушуп, аны саясий аренадан тез арада алыш керек болгон. Канатбектин аброю жогору болгондуктан, Атамбаевдин бийлиги президенттик шайлоодо Чүй боорунан утулуп калбадыбы. Эгер Атамбаевдин аброю күчтүү болсо Чүйдөн утат эле да.

— Абакта жаткан Исаевди сындыруу үчүн “караларды” киргизүүдө Атамбаевдин мурунку жансакчысы, ИИМдин мурунку министри Улан Исраилов, анын орун басары Данияр Абдыкаров, УКМКнын мурунку төрагасы Абдил Сегизбаев аралашкандыгы чындыкпы?

— Мен өмүр бою укук коргоо, тартип сактоо системасында иштебедимби. Алардын тийешеси бар деп далили жок айтып салсам туура эмес болуп калат. Бирок, иштин жүрүшү, анализи, логикасы буга чоң жетекчилердин киришкени, алардын буйругун аткарган күч түзүмдөрүнүн аракети көрүнүп турат. Бул ишке акыйкат териштирүү жүргүзүлсө, аралашкан ар бир адамдын чыныгы жүзү, кандай роль аткарганы билинет. Мунун баары ушул боюнча калып кетпейт, кезеги келгенде баары ачыкталат.

— Бирок, “караларды” киргизип, аны сындырууга аракеттер жасалганы чындык да. Атамбаевден кечирим сура, позицияңды өзгөрт, ал кишинин саясатын колдо дегенге чейин барышканын билесизби?

— Канатбек Исаевдин иши толук бойдон саясат экенин билем. Анткени, ал өзүнүн принципиалдуу көз карашы менен Атамбаевге каршы чыкты. Исаев жеке өзүнүн кызыкчылыгын ойлобостон, өлкөдөгү коррупциялык схемаларды ачык алып чыга баштаган. 2010-жылы бийлик алмашкандан кийин улутташтырылган жана ага кирбей калган мүлктөр боюнча колуна көп документ түшүп, ал боюнча депутаттык комиссия түзүп, комиссияны өзү жетектеп, Атамбаевдин өзү менен да, тегерегиндеги адамдар менен да жолуккан. Баарысы “Бул иштерди ачыкка чыгарба, унчукпагын. Каалаган нерсеңди берели. Кызмат десең өзүңө, жакындарыңа да беребиз, сенин да кызыкчылыгыңды эске алабыз” дешип, саясий соода жүргүзүүгө кызыкдар болушкан. Мен мунун баарын толук бойдон билемин. Канатбек алардын сунушуна макул болбой, саясий күрөшкө чыкканда, аны саясий аренадан жок кылуу гана керек экенине көздөрү жеткенден кийин эптеп бир шылтоо таап, таппаса провокациялык иштерди уюштуруу менен кылмыш ишин козгоону көздөшкөн. Акыры провокациялык ишти уюштуруп камакка алышпадыбы. Камакка алгандан кийин да аны менен саясий соодалашуу болгон. “Атамбаевден кечирим сура, позицияңды өзгөртсөң азыр эле камактан чыгарабыз” дешкен. Мындан сырткары абакта олтурган Канатбектин үстүнө кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрүн киргизишип, психологиялык, моралдык террор жасап, сындырууга аракет кылышканын да абдан жакшы билем. Канатбек принципиалдуу, эр жүрөк саясатчы экенин көргөзүп, соодалашууга барбады. Элдин кызыкчылыгын, өзүнүн принциптерин сатпай, акыр аягына чейин күрөш жүргүздү. “Ак ийилет, сынбайт” дейт. Азыр акырындык менен акталып келатат. Толук бойдон акталып, кайрадан чоң саясатка кайтып келип, мамлекет, эл үчүн иштээрине толук ишенебиз.

— Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда УКМК бийликке сын айткан саясатчыларга эптеп кылмыш ишин ачып, аларды сындыруу менен алектенгенин Исаевдин иши далилдеди. “Сооронбай Жээнбеков Абдил Сегизбаевди УКМКдан кетирип, өз адамын койсо, көп нерсе чечилет” деген сөздөр айтылып келбеди беле. Жээнбеков атайын кызматка жаңы жетекчини дайындады. УКМК өз ишин так аткарып жатабы?

— УКМКнын жаңы төрагасы, анын орун басарлары колдон келген аракеттерин жасап жатышат. Бул жагынан аларга жакшы баа берип койсок болот. Бирок, партиялык кландык башкаруу системасы акыркы 7 жылда аябагандай күч алып, жогорку ылдамдыкты алып алганын кантип жашырабыз. Ошондуктан, система дароо эле өзгөрүп кетпейт. Ал үчүн убакыт, энергия, күч керек. Ылдамдыгын күчөтүп алган машинанын ылдамдыгын токтотуп, ага жаңы адамдарды олтургузуп, жаңы жолго салууга туура келет. Президентке, күч структураларынын жетекчилерине убакыт берип, бир жылдан кийин айткан сөздөрү менен жасаган иштери дал келгенин анализдөө зарыл. Жасаган иштери жакшы болгон болсо, жакшы жолго түштүк деп айтсак туура болот. Айткан сөз менен аткарган иш дал келбесе, сындай турган убакыт келет.

— Коррупция беренеси менен мурунку премьер-министрлер, министр, шаар башчысы камакка алынып, тергөө иштери жүрүп жатат. Алардын иши болжол менен күз мезгилинде сотко өтүшү мүмкүн. Камалгандар миллиондогон долларды өз чөнтөгүнө сологону айтылып жатат. Сотко барганда уурдаган акчаларынын кайсыл бир бөлүгүн сотторго жумшоо менен акталып чыгышы мүмкүн деген божомолдор иш жүзүнө ашышы мүмкүнбү?

— Биздин жашоо шартыбызды алып караганда баары болушу мүмкүн. Бирок, жакшы жакка үмүт кылышыбыз керек. Президентибиздин азыркы аракеттерин колдошубуз зарыл. Жакшы аракеттерди, иштерди эл колдобосо, ал ниет, лозунг бойдон кала берет. Сын айтып, ар кимибиз акылдуу боло берген да туура эмес. Тескерисинче, бийликтин жакшы жолго түшүүсүнө аракет кылсак туура болот. Элдин колунда чоң бийлик бар. Азыркы жүрүп жаткан чоң иштердин тергөөсү күзүндө бүтүшүнө көп деле ишенбейм. Бул 3–4 жыл ичинде реализация болгон абдан чоң иш. Ар бир этабы бар. Алардын баары текшерилип, тергөөгө алынышы керек. Мында ондогон эмес, жүздөгөн адам текшерилип, суракка алынып калышы мүмкүн. Бир гана Бишкек ЖЭБдеги чыр гана эмес, Тарых музейи, түндүк-түштүк альтернативдүү жолу, башка ички жолдордогу ызы-чуулар чыгып жатпайбы. Булардын баарына бир эле команданын тийешеси бар экенине көзүм жетип турат. Бир эле адам команданы берип, финансылык агымдардын көпчүлүгүн өзүнүн чөнтөгүнө уруп, жеп-ичкендеринин баары тастыкталат деп ойлойм. Ошондуктан азыр эле соттоп жибергиле дебестен, күнөөлүүлөрдүн баарын тапкыла деп айтсак туура болот. Азыр коррупция менен күрөшүүдөн маанилүү иштер бар. Күзүндө же жазында эл үчүн коррупция менен күрөшүү биринчи орунда турбай калат. Биринчи орунга экономикалык, социалдык көйгөйлөр чыгып калышы мүмкүн. Ошон үчүн бийлик күз мезгилинде алгачкы ийгиликтерин көрсөтүүгө тийиш. Андан ары жакшы иштер жүрүп кетсе, жазында кырчалышкан абал жаралбай, стабилдүүлүк сакталып, жакшы жашоого бет алып кетебиз деп ойлойм.

— Азыркы бийликте деле мурунку бийлик үчүн жан үрөгөн адамдар толтура. Алар бүгүнкү бийликке караганда мурунку бийликке көбүрөөк кызмат кылып беришет да?

— Азыркы, мурунку команданын көпчүлүгү бир эле деп койсок болот. Бүгүнкү президент, аны колдогон адамдар мурунку командадан чыгышты. Шайлоодо финансылык жактан каржылагандар, уюштуруу иштерин жүргүзгөндөр дагы ошол команданын адамдары болгон. Бирок, мурунку жетекчилер өзүнүн кызыкчылыгын, чөнтөгүн ойлоп, көп маселелерди ошол аркылуу чечип жатса, жаңы келген жетекчи өзүнүн командасы менен “Муну токтотолу, мамлекеттин кызыкчылыгына туура келбейт” деп четке сүрүп жатканы менен айырмаланып жатат. Акыл-эси ордунда, эл үчүн күйгөн, мамлекет үчүн иштейм дегендер ушул максаттарды колдосо, баары жакшынакай болуп кете берет. Бузукуларды жашоо-турмуш өзү эле аныктап, кимдин жүзү кандай экенин тез эле көрсөтүп коёт. Эми эле көргөзүп баштады.

— Президент “Ар бир мамлекеттик кызматкердин декларациясы текшерилсин, ким мамлекетке зыян тийгизсе жазаланышы керек” деп айтты. Кээ бир кызматкерлер өзүлөрүнө жакын адамдын мүлктөрүн, мамлекетке зыян келтиргенин жаап-жашырып, президентке көлөкө түшүрүшү мүмкүнбү?

— Туура, баары мыйзам чегинде жүрсө кыйынчылык деле жаралбайт. Бирок, кээ бир адамдар бул буйрукту туура эмес аткарышы мүмкүн деген чоочулоо дагы бар. Буга мисал Аскарбек Шадиевдин иши. Анын үстүнөн Каржы полициясы кылмыш ишин козгоп, банктагы эсептеринин баарын камакка албадыбы. Шадиев болсо четке чыгып кетти. Азыр анын үстүнөн дагы башка иштерди козгоп жатышат. Анын банктагы эсептерин камакка алганда, эмне үчүн мүлкүн камакка салган жок? Эсептерин камамыш болуп ага “сигнал” бериптир да деген шек саноолор пайда болуп жатат. Ошондон кийин мүлктөрүн башка адамдарга каттатып, сатчусун сатып алганга мүмкүнчүлүк бергендей сезилип жатат. Ошондой чоң кемчилик кетирген кызматкерлердин жоопкерчилигин да караш керек. Ал жерде миллиарддаган сомго бааланган оокат болуп жатпайбы. Анын баары элдин ырыскысын жегенден тапканы эми билинип атпайбы. Жөнөкөй элден тышкы карызды төлөөгө каржы чогултпай, ошондой 50–60 адамдын жоопкерчилигин карап, үй-мүлкүн мамлекеттин эсебине конфискация кылып койсо эле карыздардын баарынан кутулганы жатпайбызбы. Жеген-ичкендердин баарын кустурбай туруп, карызды кантип төлөйбүз деп айтыш керек? Жегендин баарын кустургандан кийин жетпей калса, андан кийин элге жардам сурап кайрылса болот. Ага чейин карыз төлөө үчүн каржы чогултууну эл туура эмес кабыл алат. Жеп-ичкендерди качырып жиберип, элден каржы чогултуп карыз төлөйбүз деген шылдыңга тете болуп калат.

— Сиз Атамбаев менен чогуу иштешип калдыңыз. Атамбаев президенттик мөөнөтүнүн аягында өзүнүн санаалашы, үзөңгүлөшү, бийликке чогуу келген саясатчы Өмүрбек Текебаевди камабадыбы. Эгер Атамбаевдин мөөнөтү дагы 2–3 жыл узак болгондо өзү менен чогуу бийликке келип, анын саясатына каршы чыккандардын баарына кылмыш ишин ачат беле?

- 2010-жылы баарыбыз бир команда болуп келдик да. Бирок, команданын ичинде көз караштары, принциптери дал келбеген саясатчылар көп эле болчу. Алар амбицияларын четке кагып, баары бир командада иштөөгө аракет кылышты. Көп сыноолорду башыбыздан өткөздүк. Ачыгын эле айтыш керек, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн бир бололу деген кээ бир адамдар кийин башкача болуп калбадыбы. Көрсө, котур ташы койнунда экен. Жөн эле артист болуп жүрүшүптүр. Кийин гитара ойноп чыкканда, канчалык деңгээлде артист экени билинбедиби. Чет-четинен эле бир командабыз дегендерди кызматтан алып, саясаттан сүрүп чыгара баштабадыбы. Акыр-аягында өзү каалагандай болуп, командадан эч ким калган жок, баары четтеп кетишти, алды камалды. Мунун баары алдын-ала ойлонулган, алыска ташталган стратегиялык кадам экен да. Пенде мындай иш кылам дей бергени менен жогор жакта Кудай баарын көрүп турат. Кудайдын атына жамынып алып тескери иш кылсаң, кыңыр ишиңди бат эле көрсөтүп коёт экен. Атамбаев ошондой эле болду. Өзүнүн үзөңгүлөштөрүн, командадагы адамдарды кызматтан ала баштаганда эле бир жеринен калбыр илгенге аракет кылган. Саясатта жүргөн ар бир адамга ошондой аракет болду. Күчү жеткенин камап, эч нерсе таппаган адамдарды маалымат каражаттары аркылуу маскаралап, элге жек көрсөтүүгө жандалбастады. Баарыбызга тузак салганга Атамбаевдин убактысы жетиштүү эле болду. Болгон аракеттеринин баарын жасады. 7 жылда эч нерсе жасай албагандан кийин 2 жылда бир нерсе жасоо колунан келмек беле? Эгер Атамбаевдин бийлиги 2–3 жылга созулса, өлкөдөгү кырдаал курчуп, үчүнчү революция болушу мүмкүн болчу. Кыргыз Кудай сүйгөн эл экенбиз. Президенттик шайлоо тынч өтүп, бийлик да тынч алмашты. Өзүнүн ишенген адамын президенттикке алып чыкты, аны эл колдоп президент кылып шайлады. Сооронбай Жээнбеков Кудай деген адам экен. “Таразанын ташын чындыкка коём, эл үчүн иштейм” дегени үстөмдүк кылып, Атамбаевдин планынын баарын таш-талкан кылды.

— Сизди дагы камоо аракети болгонбу?

— Ооба, мени дагы камоо аракети болгон.

— Атамбаевде баарыңарды камап салам деген дух бар беле?

— Атамбаевде ошондой гана дух болгон. Анын ошондой максатта гана аракет жасаганы бүгүн ачык билинип калды. Убактылуу Өкмөт болуп бийликке келгенден кийин баарыбыз жакшы иштерди жасаганга аракет кылдык. Баарыбыз Атамбаев президент болсун, ал президент болсо өлкөбүз оңолот деп ага иштегенбиз. Ал мезгилде Атамбаевден өткөн мекенчил, улутчул, патриот адам жок болчу. Анын баары сөз түрүндө экени кийин билинип жатпайбы. Атамбаевдин президент болушуна баарыбыздын эмгегибиз бар үчүн ал карыз болуп, оозубузду жабыш керек болуп калды. Анын жеткен мээси ушул болду, баарына компромат табып илинчекке илип же камашым керек, ошондо оозун жаап олтурат деди. Ошон үчүн бийликке эч нерсени түшүнбөгөн, тажрыйбасыз, саясий аброю жок, өзүнүн сөзүн угуп, көзүн карап турган адамдарды алып келип, өзүм каалагандай башкарам деп ойлоду. Биз анын каалагандай башкаруу жүргүзгөнүнө жол бермек эмеспиз. Ал мөөнөтүм бүткөндөн кийин да өлкөнү өзүм башкара берем деген ниети болгону эми билинип жатпайбы. Азыр планынын ташталканы чыгып, өзү элге уят болуп олтурат.

— 2011-жылы президенттик шайлоодо Атамбаевди колдогонуңузду айттыңыз. Ошол шайлоодо Атамбаевдин негизги атаандаштары түштүктөн чыккан саясатчылар А. Мадумаров менен К. Ташиев болбоду беле. Атамбаев президенттик шайлоодо утуп чыгып, ант берүү аземинен кийин өзүнүн санаалаштарын, Чүйдүн белгилүү аксакалдарын чакырып чай бергенде сиз да барсаңыз керек. Чүйдүн аксакалдары “Биздин балабыз президенттик шайлоодо жеңип чыкты. Атамбаев болбогондо түштүктүн кыйын жигиттеринин бири президент болмок” деп сөз кылышып, жаңы президент үчүн деп тост айтып жаткан кечеде Атамбаев өзү “Мен силерге ыраазымын. Аталарым Баткенден келгенде батырып алдыңар. Эми мени президент кылдыңар” деп аксакалдарды “мат” кылганы чындыкпы?

— Бул окуя болгону чындык. Президенттик ишине киришип жатып ант бергенден кийин бир топ ресторандарда чай берилген. Анын бири жаңылбасам “Сенатор” ресторанында болгон. Атамбаев ошол жерде сөз алып “Менин ата-бабам Баткенден келгенде кабыл алып, башка дебей өз баласындай өстүрүп, мына эми мени президент кылган Чүй элине ырахмат” деп айткан. Муну элдин баары уккан. Биз өзүнүн ыраазычылыгын айтып жатат деп ойлогонбуз. Көрсө, мунун да жашыруун сырлары бар экен. Жети атасын да толук билбейт экен да.

— Жаңы менен эски бийликтин тирешинде Атамбаев “багындым” деп жөн эле колун көтөрүп береби?

— Ал жөн эле колун көтөрүп багынып бербейт. Мен аспы-көппү анын мүнөзүн, кыймыл-аракетин билип калбадымбы. Ал кандай болбосун ызы-чууну чыгарып авантюрага барышы толук мүмкүн. Ага каржы маселеси кеп эмес. Өзгөчө жаштардын арасына жалган маалыматтарды таркатып, алардын башын айландырып, туура эмес багыт көрсөтүп койсо, жаштар ээрчип кетиши мүмкүн экенин көрүп атпайбызбы. Ошон үчүн мыйзам чегинде эскертүү иретинде профилактикалык иш аракеттерди күч түзүмдөрү кабыл алышы керек. Азыр мурунку премьер-министр, министрлер камакка алынып жатат. Бул боюнча Атамбаевдин өзү “Мен бүт жоопкерчиликти алып, өзүм жооп берем” деп билдирүү жасады. Ушул билдирүүсү менен Конституцияны бузганын, өзүнүн ыйгарым укугунан чыгып кеткенин мойнуна алды. Ошон үчүн анын жооп бере турганына аз убакыт, жарым кадам калды. Кийинки кадам Атамбаевдин өзүнө жасалышы керек. Себеби, баары ачыкка чыгып, жетчү жерине жетти, өзү жоопкерчилигин мойнуна алды.

— Атамбаев чынында эле бийликти узурпация кылганын, Конституцияны бузганын мойнуна алды. Анын билдирүүсү кылмыш ишин ачканга негиз болуп бере алабы?

— Негизинен кылмыш ишин ачса болот. Атамбаевдин билдирүүсү көңүл назарынан чыгып калган жок. Анын баары өзүнүн учурун күтүп жатат. Суракка чакырылардан мурун бериле турган суроолордун баарын документтер менен тактап алышы керек. Менин оюмча, азыр Башкы прокуратура, УКМК мунун баарын тактап жатат. Чакырчу күн жакындап калганына менде эч кандай шек жок.

— Жашоо – бул бумеранг деп айтылат. Атамбаев деле өзүнүн кызыкчылыгы үчүн силерден алыстап кетти. Азыр камакта олтурган анын адамдары өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн Атамбаевди сатышып, андан алыстап кетиши мүмкүнбү?

— Атамбаевдин кийинки командасы мамлекеттин өсүп-өнүгүшүн биринчи орунга койгон эмес, өздөрүнүн жашоосун, акчаны алдыга койгонун көрүп жатабыз. Азыр камактагылардын өз керт башынын кызыкчылыгы жогору болуп калса, Атамбаевди сатып, өз башын куткарганга аракет жасайт. Мен буга бөркүмдөй эле ишенем. Эгер чоң максаттар, идеялар менен команда болгон болсо, бири-бирин акыр-аягына чейин колдошмок. Буларда материалдык кызыкчылык гана болгондуктан бири-бирине жөлөк-таяк болуп берерине ишенбейм. Биз 2010-жылы идея, принцип үчүн бириккенбиз. Атамбаев бизди сатпаса, идеяларыбыз, көз караштарыбыз, принциптерибиз ошол мезгилдегидей болгондо, биз аны эч качан бүгүнкүдөй азапка түшүрбөстөн коргомокпуз. Мейли бизге кызмат бербей эле койсун, андан эч кимибиз кызмат деле сураган эмеспиз. Болгону ошол көз карашты, идеяны сактоого милдеттүү болчу. Ал макулдашылган, сүйлөшүлгөн идеяларды, принциптерди сатты. Атамбаев элге берген антын, жакшы жашоо келсе экен деп жанын берген балдардын максаттарын, эрдигин акча үчүн сатты. Биз Атамбаевди сатканыбыз жок. Ал баарыбызды бириктирип “оптом” сатты. Күнөө бизден кеткен жок.

— Өзүңүз кызматтан кетип жатканда Атамбаев менен жолугуп, сүйлөшкөндөн кийин жумушту тапшыргансызбы? Акыркы ирет жолукканда сиз тууралуу пикирин угуп көргөнсүзбү?

— УКМКны жетектеп турганымда аны менен тыкыр байланышып, сүйлөшүп турдум. Андан кийин баңгизаттарды көзөмөлдөөчү кызматына бардым. Кийин Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысынын орун басары болуп иштедим. Ал мезгилде кирип-чыгып, маселелерди талкуулап сүйлөшчүбүз. Экөөбүз жолукканда жакшы сүйлөшүп, бири-бирибизди түшүнүү менен кабыл алчубуз. Кытайдан келгенимден кийин отчёт берип коёюн деп эки жолу айттым, ал кабыл алган жок. ТИМ жана президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков аркылуу айттыргам. Өзүм жок жерде мени жамандап, аркамдан ушак кылып, жаман сөздөрдү айтып, далили жок фактыларды айтканын так билем. Анткени, өзүнүн оозунан уккан адамдар мага келип “Минтип айтты, ушундай болду беле?” деп айтышкан. Президент башы менен көчөдөгү ушактарды айтканына таң калып, айткандарын жийиркенич менен кабыл алып, андан кийин сүйлөшкүм да келбей калган.

— Атамбаев “чет өлкөлүк досторумдан акча алдым” деп көп айтчу. Тиреш курчуп турган кезде чет өлкөлүк достору колдоо көрсөтүп, биздеги абалды башка нукка бурууга жардамын көрсөткөнгө жарайбы? Экс-президент да колдоону чет жактан издегенге аракет кылабы?

— Азыр өлкөдө Атамбаевдин эч кандай колдоосу жок деп айтсам жаңылышпайм. Мунун былыктары ачыкка чыккан сайын эл жийиркенүү менен кабыл алып, жерге түкүргөндөр көбүрөөк. Ошондуктан, ал азыр чет жактан колдоо күткөнгө аргасыз. Ошол үчүн болгон аракетин жумшайт.

— Аны чет жактан кайсыл күч колдошу мүмкүн деп ойлоп жатасыз? Орустарбы же кытайдан колдоо табабы?

— Кошуна өлкөлөр, шериктеш, өнөктөш болгон мамлекеттердин бири да расмий түрдө аны колдобойт. Болгону, экс-президент катары гана сыйлашы мүмкүн. Кытайга барганда конок катары сыйланды. Россияга барам деп жүрдү. Тескери иш жасайм десе сырткы күчтөр колдобойт.

— 2011-жылы өткөн президенттик шайлоодо Убактылуу бийлик президент болом деген амбициясы күч Ө. Текебаевди, Т. Сариевди алып чыкканга мүмкүнчүлүгү бар болчу. Эмне себеп менен Атамбаевге токтолгонсуңар?

— Ачыгын айтайын, мен лидерлик маселенин чечилишине катышкан эмесмин. Биздин биринчи жасаган кадамыбыз, өткөөл мезгилге Роза Исаковнаны президент кылып шайлаганыбыз абдан туура болуптур. Экинчи кадамыбыз, Атамбаевди президенттикке алып чыгып, баарыбыз ага ишеним артканыбыз туура болбой калыптыр.

— Орустар дагы Атамбаевди колдогону чындыкпы?

— Орустар Бакиевдин тышкы саясатынан запкы жегендей болуп калбадыбы. Апрель окуясынан кийин өлкөдө туруктуулукту орното турган, кызматташтыктан запкы тартпай турган күчтүн бийликке келишине алар дагы кызыкдар болушкан. Ошон үчүн Убактылуу бийликке, анын ичинен Атамбаевге токтолушканы жашыруун болбосо керек. Бирок, илинип турган куйрукка жетип алган соң кандай саясат жүргүзгөнү башка кеп.

— Убактылуу Өкмөттүн кээ бир мүчөлөрү өткөн президенттик шайлоо учурунда чогулуп, маселе куруп жүрдүңөр да. Ошол күндөрү Сооронбай Жээнбеков өз алдынча саясат жүргүзөт деп прогноздор айтылганбы?

— Ачыгын эле айтайын, Сооронбай Жээнбеков өз алдынча болуп, мамлекет, эл үчүн иштейм деп ачык айтып, азыркыдай күрөш жүргүзөт деп күткөн эмеспиз. Ошол учурда өзү дагы “Атамбаевдин ишин улантам. Кыргыз көчү жолун улайт” деп айтып жүрбөдүбү. Ошондуктан мындай иштер башталышына ишенбегенбиз. Биз да пенде болгон соң жаңылат экенбиз да. Азыр Сооронбай Жээнбековдун жасап жаткан иштерин Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү колдойбуз. Колдон келип калса жардамыбызды беребиз.

Маектешкен  Наралы Асанбаев

Булак: "Жаңы Ордо"

Последние новости