www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кеңешчи Төрөхан Жунусбеков Жапаровго үгүттөп жатабы?

Борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобу Төрөхан Жунусбековдун Фейсбуктагы талкууга алынган «Талас эли Садыр Жапаров менен.... шайлоо 2021» деген билдирүүсү боюнча текшерүү иштерин баштады.

БШКнын маалыматына караганда, БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева жана социалдык тармактын колдонуучулары Жунусбеков мамлекеттик «MegaCom» компаниясынын башкы директорунун кеңешчиси экенин белгилешти. Бул «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо» жөнүндө мыйзамдын 22-беренесинин 15-бөлүгүн бузууга жатат.

«Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо» жөнүндөгү мыйзамдын 22-беренесинин 15-бөлүгү:

Жогорку Кеңештин депутаттарын кошпогондо, мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар, мамлекеттик саясий кызмат орундарын, атайын мамлекеттик жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кошпогондо, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, байкоочулар, эл аралык байкоочулар, диний ишмерлер, кайрымдуулук иштери менен алектенишкен уюмдардын уюштуруучулары жана мүчөлөрү, 18 жашка толо элек адамдар, чет элдик жарандар жана уюмдар, жарандыгы жок адамдар үгүт жүргүзүүгө, кандай болбосун үгүт материалдарын чыгарууга жана таркатууга укуксуз.

БШК билдиргендей, аталган факт тууралуу кечээ, 16-декабрда Башкы прокуратурага жана ИИМге маалымат берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости