www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто бир катар унаалар техникалык кароодон өтүлбөгөнү аныкталды

Ош облусунун Кара-Суу районунда бир катар унаалар техникалык кароодон өтүлбөгөнү аныкталды. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан (Мамэкотехинспекция) билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кара-Суу райондук суу чарба башкармалыгында пландуу текшерүү жүргүзүлгөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө "Шевролет Нива", "Дунфень Пай-EG 3041 GDAC" жана "Форланд B11032y31B3-S" автоунаалары техникалык кароодон өтүлгөн эмес, андан сырткары, "H1-250 BA" мотоцикли бажы биримдигинин талаптарына ылайык шайкештик сертификаты жана маркировкасы жок экендиги аныкталды.

Жогоруда айтылгандардын негизинде Бажы бирлигинин "Дөңгөлөктүү унаалардын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламенти жана 1998-жылдын 20-апрелиндеги №52 "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" мыйзамдарынын талаптары бузулгандыгы аныкталды. Жеринде бузууларды четтетүү боюнча жазуу жүзүндө эскертүүлөр берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости