www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кения эл аралык коомчулукка кайрылып, өлкөдөгү кургакчылыктан жапа чеккен 3,1 миллион кишиге жардам берүүнү өтүндү. Өлкөнүн басма сөзүндө орун алган кабарга караганда, Кения Кызыл Чырым коому өлкөдө уланып жаткан кургакчылыктан көп сандаган адам жапа чеккенин билдирди. Кургакчылыктан 3,1 миллион кениялык жабыр тартканын белгилеген ассоциация эл аралык коомчулукту жардам көрсөтүүгө чакырды.

Ассоциация, ошондой эле, бейөкмөт уюмдардан жана гуманитардык жардам уюмдарынан түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн колдоо сурады. Кургакчылык кооптуу деңгээлде жеткен аймактар: Баринго, Исиоло, Мандера, Марсабит, Самбуру, Туркана, Важир, Килифи, Ламу, Ньери, Батыш Покот, Лайкипия жана Гарисса.

Бириккен Улуттар Уюму кургакчылыктан мал кырыла баштаганын, суу жана тамак-аш маселесинен улам да үй-бүлөлөрдүн өз үйлөрүн таштап кеткенин билдирет.

Последние новости