www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Октябрь районунун прокурорунун жардамчысы Т.Н.Ж., кармалды, - деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 26-мартында УКМК Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы менен биргеликте ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында, КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинде белгиленген кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокурорунун жардамчысы Т.Н.Ж., кармалды.

Кармалган адам Л.Р., аттуу жарандын ага болгон карызы үчүн У.С., аттуу жарандын 35 миң АКШ долларынан ашык болгон жүк ташуучу унаасын мыйзамсыз колдонуудан чыгарып алып, 30 миң АКШ долларын берүүсүн же кыймылсыз мүлкүн жакын туугандарына каттатып берүүсүн талап кылганы аныкталган. Тинтүү иштеринин натыйжасында У.С., аттуу жарандын жеке үйүнүн кайра каттоодон Т.Н.Ж. жакын тууганына өткөндүгү тууралуу документалдуу далилдер алынган.

Аталган Т.Н.Ж. Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 97-беренесине ылайык кармалып, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда кармалган жарандын ушул сыяктуу башка мыйзамсыз фактыларга тиешеси бар экендигин аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости