www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөттүн «өлө сонун» «реформасынын» жел аргысы менен өзгөчө фактор болгон, элдин социалдык маселесин тейлейт делген Социалдык өнүктүрүү сферасын, олчойгон социалдык лифтти бир чокойго эки бутту нагло тыгып салгандай эле. Мындай пикирди эркин журналист Кенжебек Арыкбаев билдирди.

«УРМАТТУУ, «ШАМАНОВ КОМИКБЕК УУ + КОРГОШИНОВИЧ»!

Өнүккөн же өнүүгүүгө умтулган кайсы гана мамлекет болбосун саламаттыкты сактоо маселесин алдыңкы катарга койот. Биздечи? Өкмөттүн «өлө сонун» «реформасынын» жел аргысы менен өзгөчө фактор болгон, Элдин социалдык маселесин тейлейт делген Социалдык өнүктүрүү сферасын, олчойгон социалдык лифтти бир чокойго эки бутту нагло тыгып салгандай эле, ансыз деле араң бараткан медицинанын жонуна илип салышты. Коомчулук ага деле кайыл болду.

Адамзаттын эң баа жеткис байлыгын көзөмөлдөгөн андай жерге мыктынын мыктысын алып барышат... Аттиңдики!  Жок дегенде ошондой олуттуу тармакка иш билги адисти алып барса гана. Азыр ал жакты башкарып аткан А.Б нын канчалык «адискөй» экенин сокур деле көрүп турат. Негедир ажобуз эле көрбөй койду. А.Бны ушунчалык эркелетет окшойт, керек болсо президентке импичмент жарыялап ийгенге чейин укугу бар парламент үч курдай оодарабыз болуп «120лардын» ал чабуулдарын «1» «ардактуу» А.Б чиркей чаккандай да көргөн жок.

Мына! Бүгүн ошол эле министрликтин маалыматы боюнча коронавирус инфекциясын жугузуп алгандардын саны 870ке чыкты. Бул билген адам үчүн өтө коркунучтуу чек. Эсиңердеби, былтыр так ушул маалда 1000ге чыгып кеткенде (өлкөдөгү калктын саны боюнча Дүйнө жүзү боюнча эң биринчи сапка чыкканбыз). Бүгүнкү көрсөткүч деле почти ошол... Оксфорддогу ойчулдар Кыргызстандагы акыркы эки жума ичиндеги көрсөткүчтү өткөн жылдын «кара июлу» деп ачык эле айтып атышат. USAIDдин биздеги адис эпидемологу Айжан Дооронбекова өз болжолунда бул нук менен кетип отурсак июль башында COVID эсеп 1000 эмес 1500кө чамалап барышы мүмкүн деген коңгуроону кагууда.

Эшигибиздин алдында тигинтип туристик сезон турат. Казынага, калктын куржунуна тыйын түшүрөт деген. Желмогуз дарт минтип күн сайын канатын кенен жайып баратса кайдагы турист келет бизге?!

Министир аке, мине дейсиз? Уу коргошунду ууртап отура бербей, таянган тоом бийик боло бербей, заманбап шартка ылайыктап бирдеме кылсаңыз боло, бай болгур.

...Ушул «коронавирустун» айынан өткөн жылы Чубак Ажы сыяктуу канчалаган сонун адамдарыбыздан айрылдык! Бул дарт алам десе маа демектен миллиард жашылбайың болсо да карабайт тура. Ааламдан не деген мультимиллионерлерди деле жулуп кетип атат.

Не кылабыз? А.Б.С, У.А.М жана башка көсөмдөргө ишеним арта бербей, Жаратканым «сактансаң сактайм» дейт дегендей өзүбүз да сактаналы ЭЛИМ! Баарыңарга аманчылык!», - деп белгилеген ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости