www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутат Кенжебек Бокоев, "өзүбүздүн дыйкандар сууну сатып алып, кошуна мамлекеттерге бекер бергенибиз адилетсиздик" деп айтты. Депутат Кенжебек Бокоев жаңы шайланган Өкмөткө жакшы сунуштарды берди.
Алгачкы сунушу бул суу ресурсун туура пайдаланып, экономикалык жактан пайда келтирүүчү товар катары колдонуу.
Депутаттын айтымында, "Кыргызстан - Орто Азия боюнча суунун запасы эң көп өлкө болуп эсептелет. Өкмөт жакынкы күндөрү кошуна мамлекеттер үчүн сууну сатабыз деп жарыя кылса туура болмок, себеби өзүбүздүн дыйкандар сууну сатып алат, ал эми кошуна мамлекеттер үчүн бекер агып жатат. Бул абдан адилетсиз мамиле биздин дыйкандарга. Суу товар катары эсептелиши керек! Мындан тышкары эл өкүлү, жергиликтүү бюджет мамлекеттик бюджеттин 11% түзөт, эки эсе көтөрүп, жок дегенде 20% жеткириш керек деген оюн айтты.
Кенжебек Бокоев ушул тапта 82% айыл өкмөттөр дотацияда экенин эскертти. Депутаттын дагы бир көтөргөн маселеси бул, 2018 жылдан баштап билим берүүгө кеткен чыгымдар толук республикалык бюджеттен каржылоо. Маселеге ылайык баардык билим берүүчү мекемелердин ремонтуна, электр энергия, тамак аш, кышкы жылуулукка кеткен чыгымдар республикалык бюджеттен төлөнүшү абзел.
Булак: NazarNews.kg