www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кеп чынынан бузулбайт. Колунан келген ишти кылышса…

Дүйнөлүк алкакта падышылык тактыда отурган залкарлар коомчулуктун бүйүрүн кызытууга дайыма ниетин буруп турганы жалган эмес.

Маселен, орус калкынын президенти Владимир Путиндин не деген кереметтерине күбү болгон жокпуз дейсиң. Ал муз аянтына чыгып хоккейдин акесин таанытат. Кээде күрөштүн ыкмаларын көрсөтүп, балбандардын демине дем кошуп коёт. Ал аңчылыкка чыкканды, балык уулаганды жакындан билет. Деги койчу колунан келбеген иш жок такыр. Саясатта болсо эл аралык деңгээлдеги аброю өтө жогору дегенге татыктуу. Ошол үчүн дале болсо өлкө башкарып, элине камкордук көрүп келет. Отуз жыл казактардын журт атасы болгон Нурсултан Назарбаев колуна домбрасын алып үн кошуп ырдаганда уккандардын жан дүйнөсү аңтарылат. Бул кызылдай чындык. Ажолукту өткөрүп берсе да колунан камчысы түшө элек. Аны менен бүткүл дүйнөлүк лидерлер эсептешүүгө аргасыз. Бүгүнкү күндө ири жыйындарга Казакстандын атынан өзү катышып жүргөндүгү бекерден эмес.

Биздин уучубуз деле кур эмес. Тунгуч президентибиз Москвада жашаганы менен дале болсо чоң окуу жайындагы студенттерге дарс окуйт. Эл аралык сыйлыктардан куру калбай келатат. Ырасында анын илимге карата салган үлүшү көлөмдүү десек болот. Экинчи ажобуз деле элдин эсинде калды. Айрыкча эргип кеткенде Андижан полкасын аянтта эзип жиберчү. Атаганат, үкалари, уулдары жосунсуз жоруктарга барбаса касиеттүү Ала-Тоонун койнунда эле сергип жашай бермек. Алты жыл мамлекетти башкарган Алмазбек Атамбаевдин деле жакшы жактары бар. Анын көкүрөгүнө куюлуп түшкөн ырларын башка элдин атактуу ырчылары ийине жеткире аткарып калганы обондун угумдуу, жугумдуу экенинен кабар берет. Акындыгы, котормочулугу да жаман эмес эле. Анан да беттегенин түк бербеген, кимге болсо да кайраттуу жообун бере алган көк жалдыгы элге жакчу. Балп этмеси болбосо анын бейнеси толук ачылмак эмес. Ал ошонусу менен өзүн толуктап турчу. Кайра тартпаган мүнөзүнүн, өжөрдүгүнүн натыйжасында азыр камалып турат.

Учурдагы ажонун “шойкомдуу” өнөрүн көрө элекпиз. Айыл чарбасын жакшы өздөштүргөн адамдын өргө сүйрөгөн таланты болушу да мүмкүн эмес. Башкысы – элдин ишенимин актаса болгону. Ал эми мамлекетте экинчи адам болуп жүргөн парламенттин төрагасы Дастан Жумабеков тууралуу кызык кептер элдин боорун кытыгылап жатканы чын. Тилинен чалынып, атка мине албай буту тайгаланып, биринчи адам тараптын арыгын тазалап жибергени боюнча уу-дуу кептерди жоготууга шарт жок. Калктын көзүн будамайлоого, кулагын таңып таштоого азыр кудурет жетпеси маалым. Ошондуктан көзү жетпеген ишке киришип, жөн жерден “куйруктуу” кепке калуудан алыс болгон оң. Айрыкча улуу саясий өнөктүк босогодон шыкаалап турганда андай жоруктардан алыс болуу кажет экендигин дааналап айтып коюу парз.

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости