www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үч жума мурун Жаңы-Өзөндөн Нур-Султанга келген «КЕЗБИ» ишканасынын 20дан ашуун жумушчусу «КазМунайГаз» компаниясынын алдынан кетет элек.

16-майда тез жардам кызматы жумушчулардын бири Айбек Байпаковду ооруканага алып кетти. Дарыгерлер анын дене табы жана кан басымы көтөрүлгөнүн аныкташты. Мунайчылар канча күндөн бери сыз жерде, Министрлер үйү менен «КазМунайГаз» кеңсесинин алдында түнөшкөндүктөн, ден соолуктары начарлап кеткенин билдиришүүдө.

Жумушчулар дем алыш күндөрү «КазМунайГаз» компаниясынын коопсуздук кызматкерлери телефондорун дүрмөттөгө жана чай кайнатып ичүүгө уруксат бербей, ажатканага киргизбей койгонуна даттанышты. Компания өкүлү дүйшөмбүдө бул маалыматты четке какты.

«КЕЗБИ» компаниясынын жумучулары үч аптадан бери Нур-Султанда жүрүшөт. Алар талаптары аткарылмайынча үйлөрүнө кетпей турганын айтышууда. Мунайчылар маянасын 20 пайызга көбөйтүүнү, эмгек шартын жакшыртууну талап кылышууда. Мындан тышкары нааразылык акциясын өткөргөнү үчүн иштен айдалган 18 кишини кайра ишке алууну сурашууда.

Жумушчулардын айтымында, учурда алардын орточо айлык акысы 200 миң теңгени (460 доллар) түзөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости