www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 15-майда Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) барып, өлкөнүн мурдагы президент жана Абу-Дабинин эмири Шейх Халиф бин Заид Аль Нахаяндын каза болгонуна байланыштуу өткөн аза күтүү иш-чарасына катышты. Бул тууралуу өзбек президентинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, андан соң Шавкат Мирзиёев Абу-Даби шаарындагы президенттик сарайда БАЭнин кайрадан шайланган мамлекет башчысы Мухаммад бир Заид Аль Нахаян менен жолугушту.

Анын жүрүшүндө өзбек президенти Шейх Мухаммад Аль Нахаянды өлкөдөгү эң жогорку кызматка шайланышы менен куттуктап, алдыдагы ишмердүүлүндө албай ийгиликтерди каалады. Мындан тышкары лидерлер эки өлкө ортосундагы практикалык кызматташтыкты кеңейтүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Шавкат Мирзиёев ошондой эле БАЭнин тышкы иштер министри Абдулла бин Заид Аль Нахаян жана премьер-министри, президенттин иштери боюнча министри Мансур бин Заид Аль Нахаян менен да жолукту.

Аза күтүү иш-чарасына Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Түркмөнстандын Элдик кеңешинин төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов, Египеттин президенти Абдулфаттах ас-Сиси, Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф жана башка 40ка жакын мамлекеттин өлкө жана өкмөт башчылары катышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости