www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунда алдамчылык фактысы аныкталды

Баткен облусу боюнча Капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери кылмыш жоопкерчилигине тартылды, деп билдирди бүгүн, 16-майда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.

Көзөмөл органынын маалыматы боюнча, шектүүлөр Баткен облустук телерадиокомпаниясынын сметалык баасы 38 миллион 441 миң 57 сомдук имаратынын курулушун акт менен кабыл алышкан.

Подрядчы «А.Э.» ЖЧКсы болгон. Бирок, прокурордук текшерүүдө подрядчы тарабынан 11 млн 414 миң 987 сомдук курулуш иштери аткарылбагандыгы жана тапшырылбагандыгы аныкталып, жогоруда көрсөтүлгөн сумма тергөө иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча толук көлөмдө мамлекетке кайтарылды.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдары Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылып, иш кароо үчүн сотко жөнөтүлдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости