www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Айсара Абдибаева өлкөдөгү акча алмаштыруучу жайларды жабууну сунуштады. Бул тууралуу эл өкүлү бүгүн, 16-майда Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, өлкөдөгү бардык акча алмаштыруучу жайларды жабуу керек. Анткени жарандар ар бир банкта акчаларын алмаштыра алат.

"Шаардагы акча алмаштыруучу жайлар жогорку даражалуу аткаминерлерге таандык экенин билебиз. Ошондуктан элди ойлоп, алардын иштөөсүн токтотуу керек", - деди Абдибаева.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости