www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башынан эле Жантөрө Сатыбалдиев мурдун чүйрүп, Сооронбай Жээнбековду теңине албагандай образда журчү. Былтыркы президенттик шайлоодо да артын салып койгон. Акыры быйыл ТЭЦтеги чуулганга байланыштуу Сатыбалдиевге кылмыш ипш козголуп, камалып кетти...

Кызыгы, Жээнбековдор менен убаганда каршылашып жүргөн Аалы Карашев учурда КСДПдан депутат болуп отурат. Булардын карама-каршылыктуу мамилеси Бакиевдердин доорунан бери «таш» болуп катып калган. Учурда Аалы акеңер ачык оппозицияга өтө албайт, бирок ыңгайлуу учурду күтүп жүргөнү күбүр-шыбырга айланууда.

Эске салсак, Бакиевдин айланасындагы жакын аткаминерлердин баарысы жазаланып, качканы качып, жалгыз Карашев гана 7-апрелден кийин Атамбаевдин тилин таап, көп суроолордон кутулуп кеткен. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, күч органдары тымызын түрдө Карашевдин эски иштерине кызыгып атышканы бекер эмес го?

Сыягы, күздө дене-бойду калтыраткан «кезек» келет окшойт...

Булак: "Азия Ньюс"

Последние новости