www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Кезектеги жыйын Минскде өтөт

 Жакында КМШнын аткаруу комитетинин басма сөз кызматы бирикменини тышкы иштер министрлеринин кезектеги отуруму Беларусиянын борбору Минск шаарында өтөт деп билдирди.

Fars агенттигинин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 6-апрелинде Беларусиянын борбор шаарында КМШ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин жыйыны өтөт.
Жыйындын алкагында саясий жана гуманитардык кызматташуулар, ошондой эле  коопсуздукту камсыз кылуу тармагында өз ара кызматташуулар боюнча маселелер талкууланат.
Жолугушуунун жүрүшүндө 2019-2023-жылдары эл аралык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча биргелешкен иш-чаралардын долбоорунун программасы жыйындын төрт маанилүү маселесинин бири катары каралуусу күтүлүүдө.
Бирикменин аймагындагы кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча келишимдин документи өткөн жылдын январь айында КМШнын тышкы иштер министрлеринин аркасында түзүлгөн.
КМШ өлкөлөрүнүн эл аралык кызматташуу укуктарын кеңейтүү, тиешелүү багыттар боюнча улуттук мыйзамдарды жакшыртуу, кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча бирикмеге мүчө-мамлекеттеринин күч-аракеттерин күчөтүү жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу программанын негизги максаттарынын бири болуп саналат.
Минск шаарындагы жыйында жогоруда аталган документ бирикменин тышкы иштер минстрлери тарабынан бекитилсе, КМШга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешине текшерүү үчүн берилет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости