www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад шаарында жайгашкан Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борборунун директору Калдарбек Абдраманов ээлеген кызматынан бошотулат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, Абдраманов жетектеген борбордо каржы жаатындагы мыйзамдар бузулган.

«Укук коргоо органдары тергөө иштерин баштайт», - деди Бейшеналиев.

Негизи эле октябрь окуясынан кийин Садыр Жапаровдун аркасында бийликке келген бул министр кызматка киришкенден тартып эле «хайп» жаратып келет. Башында «уу коргошун» менен таанылган Бейшеналиев Президент Жапаров менен жакын дос экенин бүткүл жумурай-журтка жар салган. Ошондонбу айтор, Алымкадыр мырза коомдо ар кандай талкуу жараткан, чуу салган кадамдарга барса да Президент тараптан «кой» деген сылык кеп айтылбай келет.

Эске салсак, буга чейин Министр Бишкек шаарындагы №2 ооруканага (мурдагы №6 оорукана) барып, Алмазбек Исманкуловдон жеке клиникасын бошотууну талап кылган. Алымкадыр Бейшеналиев бул Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы экенин айткан.

Ошондой эле министр Бейшеналиев Токтайым Үмөталиева ээлик кылган Бишкектеги 6-оорукананын жанындагы компьютердик томографиядан кууп чыгарын да эскерткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости