www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз футбол биримдигинде (КФБ) Башкы катчы Медербек Сыдыков менен Beeline Кыргызстан компаниясынын башкы директору Кубаныч Шатемиров жолугушуп, FIFA 2026 футбол боюнча дүйнө чемпионатын түз алып көрсөтүү боюнча биргелешкен долбоордун жыйынтыгын талкуулашты.
КФБнын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 11-июнунан 19-июлуна чейин Kyrgyz Sport TV телеканалы Beeline Кыргызстан менен биргеликте дүйнө чемпионатынын беттештерин «Укмуш ТВ» тиркемеси аркылуу түз алып көрсөттү.
Beeline абоненттери оюндарды тарифтик пландарынын алкагында акысыз көрө алышты.
Долбоор «Элдик Банктын» колдоосу менен ишке ашкан.
Тараптар белгилегендей, өнөктөштүк футболдук контенттин аудиториясын кеңейтүүгө, өлкөнүн бардык аймактарындагы күйөрмандардын дүйнө чемпионатын көрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга жана санарип платформалар аркылуу спорттук көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн арттырууга өбөлгө түздү.
Beeline Кыргызстан компаниясынын башкы директору Кубаныч Шатемиров «Укмуш ТВ» тиркемеси аркылуу оюндардын көрүүлөрү жогорку көрсөткүчкө жетип, колдонуучулардан көптөгөн оң пикирлер түшкөнүн билдирди.
Өз кезегинде КФБнын Башкы катчысы Медербек Сыдыков компанияга долбоорду колдогону үчүн ыраазычылык билдирип, бул демилге футболду кеңири жайылтуу жана күйөрмандардын санын көбөйтүү боюнча стратегиялык максаттарга жооп бергенин белгиледи.
Жолугушуунун соңунда тараптар кызматташууну жаңы деңгээлге чыгарууга макулдашып, футболду өнүктүрүүгө, санариптик сервистерди жакшыртууга жана спорттук контенттин жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну пландап жатышканын билдиришти.