www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нарын облусунун Ат-Башы районунда мал сатып алуу шылтоосу менен бир нече жаранды алдап, өзгөчө ири өлчөмдө материалдык зыян келтирүүгө шектелген жаран аныкталды.
Бул тууралуу Нарын ОИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ат-Башы айылынын 1990-жылы туулган тургуну 2026-жылдын январь–апрель айлары аралыгында жарандардын ишенимине кирип, алардын тайларын, торпокторун жана койлорун Ысык-Көл облусуна багууга же бордоп семиртип сатып, акчасын кайтарып берем деген жүйө менен алып кеткен.
Тергөөдө аныкталгандай, алынган малдар Чүй облусунун Токмок шаарындагы мал базарында сатылып, андан түшкөн каражаттар шектүүнүн жеке кызыкчылыгына жумшалган.
Аталган фактылар боюнча Ат-Башы РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») менен өзүнчө кылмыш иштери козголуп, сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүүдө.
Алдын ала маалымат боюнча жабырлануучуларга келтирилген жалпы материалдык зыяндын көлөмү 4 миллион 115 миң сомду түзөт.
Учурда кылмыш ишинин бардык жагдайларын аныктоого багытталган тергөө жана ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.
Милиция ушундай эле жагдайдан жабыркаган же аталган жаранга байланыштуу маалыматы бар жарандарды жакынкы ички иштер бөлүмүнө же Ат-Башы РИИБге кайрылууга чакырды.