www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нарын облусунда курулуш объектилерине жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жүрүшүндө мыйзам бузуу фактысы аныкталды.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Нарын региондук башкармалыгы Жумгал районунун Түгөл-Сай айылында салынып жаткан суткалык жөнгө салуу бассейнинин (БСР) курулушун текшерген.
Текшерүүнүн жыйынтыгында объектте курулуш иштерин жүргүзүүдө белгиленген курулуш ченемдеринин жана техникалык регламенттердин талаптары сакталбаганы аныкталган.
Бул факты боюнча курулуш иштерин аткарып жаткан «Техно-Центр» ЖЧКсына карата тиешелүү акт түзүлүп, 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Ошондой эле аныкталган мыйзам бузууларды белгиленген мөөнөттө жоюу боюнча милдеттүү көрсөтмө берилди.
Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти курулуш иштерин жүргүзгөн бардык тараптарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, курулуш нормаларынын жана техникалык регламенттердин талаптарын так сактоого чакырды.