www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз футбол биримдиги (КФБ) менен Б. Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин (КРСУ) жетекчилиги футболду өнүктүрүү жана адистерди даярдоо багытында кызматташуу маселелерин талкуулады.

Жолугушууга КФБнын биринчи вице-президенти Нурдин Букуев жана КРСУнун ректору Сергей Волков катышты.

Тараптар студенттик жана балдар футболун өнүктүрүү, машыктыруучуларды жана спорт тармагындагы адистерди даярдоо, ошондой эле билим берүү жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин карашты.

КРСУнун ректору университетте студенттик футбол активдүү өнүгүп жатканын белгилеп, балдар жана жаштар футболун колдоого багытталган демилгелер тууралуу айтты. Алардын арасында кичи футбол аянтчаларын куруу, мектеп окуучулары үчүн футбол секцияларын ачуу жана жаш балдарды спортко тартуу долбоорлору бар.

Ошондой эле университетте «Дене тарбия» багыты боюнча адистер даярдалып, келечекте футбол калыстыгы жана спорттук менеджмент боюнча атайын курстарды киргизүү мүмкүнчүлүгү каралууда.

Өз кезегинде Нурдин Букуев КФБнын ишке ашырып жаткан долбоорлору тууралуу маалымат берип, алардын арасында «Мурас» турнири жана Бишкекте башталган Студенттик футбол лигасы бар экенин белгиледи. Бул долбоорлорду келечекте өлкөнүн бардык аймактарына жайылтуу пландалууда.

Жолугушуунун соңунда тараптар футболду өнүктүрүү, жаштарды спортко тартуу жана кадрларды даярдоо багытында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдиришти.

Ошондой эле кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюу мүмкүнчүлүгү каралды.

Последние новости