www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунун Кадамжай районунда дайынсыз жоголгон 2011-жылы туулган өспүрүмдүн сөөгү табылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 12-июль күнү Кадамжай РИИБге Молдо-Нияз айыл аймагынын Алга айылынын тургуну өспүрүм үй-бүлөсүнө таандык автоунааны айдап чыгып кеткенден кийин дайынсыз жоголгону тууралуу маалымат берген.

Аталган факт каттоого алынып, милиция кызматкерлери тарабынан издөө иштери уюштурулган.

13-июль күнү кечинде өспүрүмдүн жансыз денеси Таш-Булак жайлоосунан табылган. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барып, тиешелүү кароо иштерин жүргүзгөн.

Алдын ала маалыматтар боюнча, өспүрүм өз жанын кыйганы аныкталган. Маркумдун денесине сырттан кароо жүргүзүлүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Учурда милиция окуянын бардык жагдайларын жана өспүрүмдүн мындай кадамга барышына себеп болгон жагдайларды аныктоо үчүн текшерүү иштерин улантууда.

Последние новости