www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда 2026-жылы музыкалык мектептердин материалдык-техникалык базасын жакшыртууга 100 млн сомдон ашык каражат багытталат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев «Ачык кабинет» долбоорунун алкагында билдирди.
Маалыматка ылайык, өлкөдөгү 75 музыкалык мектепке жаңы музыкалык аспаптарды сатып алууга 75 млн 641 миң сом каралган. Учурда Кыргызстанда жалпы 101 музыкалык мектеп иш алып барат.
Мындан тышкары, министрлик аймактарда вокалдык-инструменталдык ансамблдерди (ВИА) түзүү иштерин улантат. 2026-жылы ар бири болжол менен 1 млн сомдук 31 комплект жабдуу сатып алуу пландалууда.
Мирбек Мамбеталиев белгилегендей, ВИАларды түзүү программасы 2025-жылы кайра жанданган. Ошол жылы аймактардагы топторго 21 комплект музыкалык аспап берилсе, музыкалык мектептерди жабдуу үчүн 60 млн сомго жакын каражат бөлүнгөн.
Министрлик бул иштер балдар жана жаш музыканттарды даярдоонун сапатын жогорулатууга, өзгөчө аймактардагы музыкалык билим берүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө шарт түзөрүн белгиледи.
Ошондой эле музыкалык мектептердин директорлорун конкурстук негизде дайындоону караган мыйзам долбоору иштелип чыккан. Ведомствонун маалыматына ылайык, жаңы тартип мекемелерди башкаруунун сапатын жакшыртууга жана кадрларды даярдоого өбөлгө түзөт. Документ учурда кароодо турат.