www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту 13-июлда журналист Алтынай Арстанбекова боюнча чечим чыгарды.

Бул тууралуу анын адвокаты Бакыт Автандиль социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Сот Арстанбекованы КР Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин 1-бөлүгү («Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу, ташуу же жөнөтүү, ошондой эле аларды жайылтуу максатында сактоо») боюнча актады.

Ошол эле учурда сот КР Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренесинин 2-бөлүгү («Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар») боюнча күнөөлүү деп таап, 100 миң сом өлчөмүндө айып пул салды.

Өкүм жарыялангандан кийин Алтынай Арстанбекова сот залынан бошотулду.

Эске салсак, 2026-жылдын 11-мартында Ички иштер министрлиги Facebook социалдык тармагындагы Даниэль Жоошбаев аттуу аккаунт боюнча тергөө башталганын билдирген. Мекеменин маалыматына ылайык, аталган аккаунтта мамлекеттик органдарды сындаган жана бийликти каралоо, коомдук-саясий кырдаалды курчутууга багытталган материалдар жарыяланган.

Укук коргоо органдары бул аккаунтту Арстанбекова жүргүзгөн деп шектеп, аны кармап, Бишкектеги №1 тергөө абагына киргизген.

Последние новости