www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 14-июлунда Кыргызстан менен Тажикстандын өкүлдөрү мамлекеттик чек араны демаркациялоо иштеринин алкагында алгачкы чек ара мамычаларын орнотууну башташты.

Иштер Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын мамлекеттик чек аралары кесилишкен тилкеден старт алды.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 1008,14 чакырымды түзөт.

Ал эми нейтралдуу макамга ээ жер тилкелеринин жалпы периметри 14,07 чакырым.

Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо процесси 2002-жылы башталып, анын толук аякташы эки өлкөнүн мамилесиндеги маанилүү тарыхый этап катары бааланууда. 2025-жылдын 13-мартында Бишкекте Президент Садыр Жапаров менен Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимге кол коюшкан.

Президенттердин тапшырмасынын негизинде түзүлгөн биргелешкен кыргыз-тажик демаркациялык комиссиясынын жумушчу топтору чек араны жеринде белгилөө иштерин жүргүзүп жатат.

Учурда жалпы узундугу болжол менен 416 чакырым болгон тилкеде биргелешкен талаа иштери аткарылып, 1627 чек ара белгиси үчүн алдын ала координаттар жана орнотуу жайлары аныкталган.

Жалпысынан мамлекеттик чек арага 1954 чек ара мамычасын орнотуу каралган.

Адистердин белгилешинче, чек араны эл аралык укуктук талаптарга ылайык демаркациялоо аймактык коопсуздукту чыңдоого, чек ара аймактарынын туруктуу өнүгүшүнө жана Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.

 

 

 

 

 

 

 

 

Последние новости