www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда 18-июлга чейин аномалдуу ысык болот

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 2026-жылдын 14–18-июль күндөрү Кыргызстандын аймагында аномалдуу ысык аба ырайы күтүлөт.

Божомол боюнча, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өрөөндөрүндө күндүз абанын температурасы +38…+40°C чейин көтөрүлөт. Ал эми 16–18-июль күндөрү өлкөнүн түштүк жана түндүк өрөөндөрүнүн айрым райондорунда абанын температурасы +41…+43°C чейин жетип, экстремалдуу көрсөткүчтөр катталышы мүмкүн.

Синоптиктердин маалыматына караганда, мындай ысык Борбор Азиядагы жайкы термикалык депрессиянын күчөшү жана Иран, Афганистан менен Орто Азиянын түштүк-батышынан өтө ысык, кургак аба массаларынын Кыргызстанга жылышы менен байланыштуу.

Кыргызгидромет акыркы жылдары өлкөдө ушундай ысык толкундар бир нече жолу катталганын белгилейт. Алсак, 2021-жылы Манас шаарында абанын температурасы +44°C, ал эми Бишкекте абсолюттук рекорд 1983-жылы +42,8°C болуп катталган.

Адистер жарандарды ысык аба ырайына байланыштуу коопсуздук чараларын сактоого, күндүн эң ысык маалында сыртта көп жүрбөөгө, жетиштүү суюктук ичүүгө жана өзгөчө балдарга, улгайган адамдарга жана өнөкөт оорулары бар жарандарга өзгөчө көңүл бурууга чакырышат.

Последние новости