www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
К. Базарбаев атындагы «Каратал-Жапырык» мамлекеттик жаратылыш коругунда Россия Федерациясынын «Заповедники» экологиялык-агартуу борбору менен биргеликте «Каратал» жана «Соң-Көл» тилкелеринде комплекстүү экспедициялык изилдөөлөр жүргүзүлдү.
Изилдөөнүн негизги максаты токой жана суу-саз экосистемаларындагы канаттуулардын түрдүк курамын, санын жана алардын жашоо чөйрөсүнүн абалын баалоо болду.
Экспедициянын жүрүшүндө орнитологдор бекитилген маршруттар боюнча мониторинг жүргүзүп, канаттууларды каттоого алышты. Ошондой эле алардын уя салган жана эс алган аймактарын аныктап, сейрек кездешүүчү жана коргоого алынган түрлөр боюнча маалыматтарды топтошту.
Адистердин айтымында, чогултулган материалдар орнитофаунага узак мөөнөттүү мониторинг жүргүзүүгө, келечектеги илимий изилдөөлөрдү пландаштырууга жана жаратылышты коргоо боюнча натыйжалуу иш-чараларды ишке ашырууга негиз болот.
Мындан тышкары, мындай биргелешкен долбоорлор эл аралык илимий кызматташтыкты жана тажрыйба алмашууну чыңдап, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоого олуттуу салым кошору белгиленди.