www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков Чакан кубаттуулуктагы кайра жаралуучу энергия булактары боюнча комитеттин төрагасы Азамат Осмонбаев менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда агроөнөр жай комплексине заманбап жана инновациялык технологияларды киргизүү, тармактын натыйжалуулугун жогорулатуу жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга багытталган долбоорлор талкууланды.
Мындан тышкары, тараптар айыл чарбасында кайра жаралуучу энергия булактарын колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн, пилоттук долбоорлорду ишке ашыруу жана тармактын туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзө турган кызматташтыкты кеңейтүү маселелери боюнча пикир алышты.