www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон акыркы он жыл ичинде өлкөнүн юстиция органдарынын 129 кызматкери коррупциялык кылмыштарга аралашканын билдирди.

Мамлекет башчы бул тууралуу 14-июлда юстиция органдарынын кызматкерлери менен болгон жолугушууда айтты.

Анын маалыматына ылайык, 2016-жылдан бери Юстиция министрлигинин жана анын түзүмдөрүнүн 121 кызматкерине карата кылмыш иштери козголгон. Анын ичинен 15 иш шаардык жана райондук нотариалдык кеңселердин кызматкерлерине, 30 иш жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен кызматкерлерине, ал эми 76 иш жаза аткаруу системасынын кызмат адамдарына байланыштуу болгон.

Эмомали Рахмон ошондой эле 2016–2025-жылдары Тажикстандын Президентинин Аткаруу аппаратына юстиция органдарынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу 1200 кайрылуу түшкөнүн, алардын 314ү кызматкерлердин аракеттерине даттануулар экенин маалымдады.

Президент белгилегендей, юстиция системасынын ишинде оң өзгөрүүлөр болгону менен бирге бир катар көйгөйлөр дагы эле сакталууда.

Алардын катарында ченемдик-укуктук актыларды даярдоонун сапаты, мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүнүн төмөн деңгээли, калкка укуктук жардам көрсөтүүнү жакшыртуу жана коомдук бирикмелердин ишине көзөмөлдү күчөтүү маселелери бар.

Ошондой эле ал Юстиция министрлигине тиешелүү 72 мамлекеттик кызматтын учурда тогузу гана бирдиктүү электрондук портал аркылуу көрсөтүлөрүн белгиледи.

Президенттин айтымында, кагаз түрүндөгү документ жүгүртүүнүн сакталышы, кезектер, жарандардын кайра-кайра кайрылуусу жана ашыкча документтерди талап кылуу коррупциялык көрүнүштөргө шарт түзүүдө.

Последние новости