www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кѳк-Жар айыл аймагында эки кишиден коронавирус катталып, айыл өкмөттө көзөмөл күчөтүлдү. Бул тууралуу Кѳк-Жар айыл ѳкмѳтү билдирди.

«Биз учурда күчѳтүлгөн тартипте иштеп жатабыз. Азыр Кѳк-Жар айылында фильтрациялык пост эмес, санитардык-карантиндик пост уюштурулду. Сырттан келген адамдар киргизилбейт. Тургундар ѳтѳ муктаж учурда гана чыкканга мүмкүн.

Айылдын ичиндеги бардык калкты тейлѳѳчү кызматтар, дүкѳндүн баары жабылып, бир гана чоӊ дүкѳн калтырылды.

Ага кошумча, вирус чыккан үй-бүлѳ толугу менен обсервацияга алынып, алардын үйү дезинфекция болуп бекитилди. Айылда бардык кѳчѳлѳр дезинфекцияланып жатат», - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын 31-мартына карата Кыргызстанда коронавирусун жуктуруунун 13 жаӊы учуру катталды:

Бишкек ш. – 1
Нарын облусу – 3
Ысык-Көл облусу – 2
Чүй облусу – 1
Ош облусу – 5
Жалал-Абад облусу – 1

Маалыматка караганда, бардыгы болуп республика боюнча 107 тастыкталган учур бар. Коронавирусу аныкталган бейтаптардын 58 аял, 49 эркек, алардын ичинен 15 бала, ошондой эле 1 жашка чейин эки наристе жана 31 улгайган адам.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости