www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун машыктыруучусу жана атасы Абдулманап Нурмагомедов каза болду. Бул тууралуу Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровго шилтеме берип, орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Рамзан Кадыров Абдулманап Нурмагомедовдун жакындарына өзүнүн жана чечен элинин атынан көңүл айтарын билдирген. Ошондой эле Чечен башчысы маркум өзүнүн атынан татыктуу муунду тарбиялап калтырганын, жакшы ат калтырып кеткенин айткан.

26-апрелде Абдулманап Нурмагомедов пневмонияга шектелип ооруканага түшкөн. Анын абалы оор бойдон калып жатканы кабарланган. Өз кезегинде Орусиянын президенти Владимир Путин Хабибге атасынын дарылануусу мыкты деңгээлде болорун убада кылган.

Мушкер атасы COVID-19ду жеңгенин, бирок инфекциянын кесепеттери Абдулманап Нурмагомедовдун бөйрөгүнө, жүрөгүнө залакасын тийгизип, оор абалда ооруканада жатканын билдирген.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости