www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жанараакта бир жакшы адам вотсап аркылуу ютубдагы Азада Бегимкулова эженин сөзүнө жазылган "Үмүтүмсүң" аттуу (азырынча элге жарыялай элек) чыгармамдын "Ашыгымсың", "Ашыгымсың нике кыйбаган" ж.б. аталыштардагы музыкасы да, сөзү да өзгөрүлүп кеткен, бир топ варианттарынын шилтемесин жибериптир.

Көрүп алып кыйлага чейин маанайым чөгүп, ойлонуп отуруп, акырында тактоо иретинде кайрылуу жазууну эп көрдүм. Эмне үчүн чыгармаларыңды башкалар аткарса капа болушуң мүмкүн деген күдүк ойлор ар бириңиздерде пайда болушу ыктымал. Анда кеп башынан болсун.

- Бул композициямды 1998- жылы жазгам. Тар чөйрөлөрдө гана ырдап калчумун. Ыр күйөрмандарынын кеңири аудиториясына, чоң сахналарга, теле-радиолорго алып чыкпаганымдын негизги себеби, ырдын сөзү нукура аял затына тийиштүү жазылганында. Миң түрдүү бурмаласаң да эркектер ырдоого мүмкүн эмес эле. Ошонусу менен Азада эженин саптары оригиналдуу болчу. Бир сөз менен айтканда, аял заты гана ырдай турган ыр. Бул чыгарма тууралуу акын, журналист Назгүл Осмонова бир кездери "Обон" гезитине "Ыр бар, ырдай турган кыздар барбы?"- деген темада макала да жазган болчу.

Жакында да Азада эженин сиңдиси Сабира эже менен уюштурган "Бир ырдын изи менен" деген макаласында да Назгүл ушул чыгарма жөнүндө кеңири сөз козгоптур. Бул чыгармага бир канча аттуу, баштуу ырчы кыздарыбыз да ашык болушуп, бирок сөзүн окуп алып ырдап чыкканга чамасы (духтары) жеткен эмес эле. Ээси табылаар деп күтүп жүргөм... Эки жылдай мурун жумушта олтурсам Нур Капарова деген ырчы, комузчу кыз чалып, макулдугуңузду берсеңиз "Үмүтүмсүң" аттуу чыгармаңызды аткарып чыксам деген максатым бар эле деп калды. Анан жолугушуп, таанышып сөзүбүздүн акырында "суранычым, обонду бузбастан ийине жеткире аткар, карындашым"- деп ыраазычылыгымды бердим.

Ошентип, Нур айтылуу Акылбек Айтиевге аранжировка жасатып, үнүн жаздырып, учурда клибин да даярдап койду. Ушундай жолдор аркылуу чыгармаларды публикага алып чыгуу, чыгарманын авторлоруна болгон сый-урмат жана адамгерчиликтин чегиндеги мыйзамдуу келишим болот деп ойлойм. Анан, автордук укукту тебелешип чала-була эле урдуруп ырдай беришкени туура эмес.

Кызыгы, ушул чыгарма жүктөлөгөн ютубдагы роликтердин бириндеги комментарийде "Кубанычбек Паязовдун ыры го!"- деген фразаларды окуп калдым. Балким, башкача мааниде жазышкандыр, кантсе да күмөндүү ой жаратпай койбоду. Анан ал жигит жөнүндө маалымат алайын деп издеп атып, мезгилсиз кайтыш болуп кеткенин окуп алып, кайра кайгырып калдым...Азыркы учурда авторлорду издеп таап, бир ооз уруксат алуу кыйынчылыкка турбаса керек.

Чыгармаларымды элдин калың катмарына чейин жеткире аткарып жүрүшкөн эл артисттеринен тартып жөнөкөй күйөрман ырчы жигит-кыздарыбыздын дээрлик жүз пайызы алдымдан өтүп анан ырдап жүрүшөт. Аларга албетте терең ыраазычылыгымды билдирем. Өкүнүчтүүсү, элдин элегинен өтө элек жаңы чыгармамды өз билгениндей өзгөртүп ырдашып, анан калса "автор" болуп алышып ютуб желесине жүктөп жибериши өтө туура эмес жорук. Кандай гана статустагы аткаруучу болбосун, чыгарманы өзүнө ишенсе гана автор менен келишим түзүп, анан ийине жеткире аткара алса элдин жүрөгүнөн орун таба алат.

Урматтуу ырчы болом деп жүргөн музыка күйөрмандары! Бүтүндөй дебейин, бир эле сап чыгарманы жаратуу канчалык оор, түйшүктүү жана жоопкерчиликтүү экенин билип жүргүлө. Аны жаратуу учурунда акын менен композитор үтүр, чекитине чейин терин төгүп эмгек кылышат. Каалагандай өзгөртүп ырдоого, көрбөйт, билбейт деп ээ болуп алууга эч кимдин акысы жок!

Бул кайрылуум аркылуу өзүмдү өзгөлөрдөн өйдө коюп, башка бирөөлөрдү сындап, шагын сындыруу эмес. Болгону ар бир чыгарманы аткарууда көз нурун коротуп мээнет кылган адамдардын ыраазычылыгын алып жүрөккө жеткире, туура аткаруу, элге авторлордун алдына койгон максаттарын өзгөртүүсүз жеткирүү жоопкерчилигин сезип, туюп жүрсөк. Менин чыгармаларымды мындан ары да аткарайын деп жүргөн аткаруучуларга терең урматым менен, ар дайым эшигим ачык!

Үмүтүмсүң

Сөзү: Азада Бегимкулованыкы
Обону: Хабибилла Азиреткуловдуку

Аялыңмын никем кыйбаган,
Азабымсың жаным кыйнаган.
Сараңдыгын көрчү дүйнөнүн,
Сага мени жолдош кылбаган.

Аялыңмын тоюм болбогон,
Арманымсың жүрөк толгогон. 
Бир кемдигин көрчү дүйнөнүн,
Бир өзүңө буйруп койбогон.

Аялыңмын жаныңда болбос,
Өксүүмсүң өмүрүм толбос.
Күн кечтесе жолуң караймын,
Үмүтүмсүң жарыгы соолбос.

Хабибилла Азиреткулов

Булак: NazarNews.kg

Последние новости