www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинде “Хадистердин негизинде ислам” аттуу жети томдон турган китеп басылып чыкты. Бул тууралуу ушул факультеттин деканы Самаган Мырзаибраимов “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, бул китеп Курандан кийинки ислам дининин негизи болгон хадистерди камтыган кыргыз тилиндеги биринчи көлөмдүү жыйнак. Басылмада жашоонун бардык чөйрөсүн камтыган хадистер жөнүндө 400дөн ашуун теманын ар бири кеңири баяндалган.

5000 нускадагы китептин жарымынан көбү Кыргызстандагы имамдарга жана медреселерге окуу куралы катары бекер таратылып берилет. Калганы окуу жайларга, кызыккандарга тапшырылат.

“Хадис” (арабча: الحديث “сөз”) — Мухаммед пайгамбардын санат сөздөрү (“кауль”), жактыруулары (“такрир” - макул табуулары), көрүнүшү (“васфи”) же кылган иш-аракеттери (“филь”). Хадистер сахабалардын (Мухаммед пайгамбардын шакирттери) жардамы менен айтылып, сакталып келген. Ислам дининин сунни багытында Мухаммад аль-Бухари, Муслим ибн Аль Хаджажж, Ан-Насаи, Абу-Дауд, Абу Иса ат-Тирмизи жана Ибн Маджалар чогулткан хадистер таанылат.

Ислам дининде жалпысынан 600-700 миңдей хадис бар деп саналат. Анын 10 миңге жетпеген бөлүгү (эң белгилүү “Сахих аль-Бухари” китебинде 7275 хадис) гана чыныгы хадистер деп эсептелет - деп билдирди Азаттык.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости