www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Келгиле биринчи сүйлөшүп,  келишип алалы. Эч кандай фейктер тууралуу, ушак-машак, бирөөнү кемсинтүү тууралуу сөз кылбайбыз. Бул жерде мен өзүмдүн Конституциялык укугумдан пайдаланып пикиримди билдирип жатам жана кимдир бирөөнү кемсинтип кордоюн деген оюм жок. Мындайча айтканда,  баардык кырдаалдар ойлонуштурулган. Дал келүүлөр кокусунан дегендей. Менин оюмча  Клара Сооронкулова президент болгусу келет. Тагыраак айтканда,  Америкалыктар аны президент кылгысы келет. Анткени, алар  Роза Отунбаеваны кайрадан президент кыла алышпайт. Балким сунуш кылышса ал деле бийликке келгенден  баш тартмак эместир. Бирок, ала булалар элдер аны кабыл албасын түшүнөт. (Ала булалар америкалыктар деген мааниде) Аны адамдар Ош трагедиясына  күнөөлүү деп эсептешет. Бирок, Кудайдын кудурети мененби же кандайдыр бир колдоо мененби ал жоопкерчиликтен бошоп кызматтан кетип калды. 2017-жылы Аялдарды башкарталы деген акылдуу идеяны Американын чалгын кызматы пайда кылып, ушул долбоорду ишке ашыруу үчүн кандидатты алдыга коюп, кыймылдай башташкан. Башта Камила Шаршекееваны даярдашкан экен. Бирок, анын  рейтинги 3 пайызга да жетпей калып, эч нерсеге жарабай калган.

Ал эми Клара Сооронкулова чыны менен башка кеп. Анткени, Сооронкулова көптөн бери белгилүү персона. Ал кандайдыр  бир деңгээлде популярдуу. Баарына таанымал. Башкача айтканда,  социумдун бир бөлүмү аз болсо да ишенет. Сооронкулова акыйкаттык үчүн күрөшүп,  кыйналып да жүрөт. Биометриканы бутага аткан сөзү үчүн  кызмат ордунан жаңжал менен бошоп, баатыр принципиалдуу адамдай таасир калтырат. Ошондой эле Кой-Таш боюнча мамлекеттик комиссия фальсификация кылып жатат деп дагы бутага таамай тийип,  Атамбаев жана анын командасын саясий өңүттө камап, мыйзамды четке түртүп коюшкан деген ойду айтат. Элдер болсо, Клара акылдуу, ал калыс  адилеттүү, элдин таламын талашат деп ойлошот. Мен бирок, тилекке каршы, антип ойлогудай аңкоо эмесмин. Мен нигилистмин. Анткени, Клара акылдуу. Ал учурду баса калып пайдаланганга жөндөмдүү. Ал дайыма учурду кармай билип, талапка жооп берген сөздөрдү айтып турат.

Мен “24 кж” маалымат агенттигинен сурамжылоо кылганымда Клара Сооронкулова орточо эсеп менен  ар бир 3 же 5 күн сайын сайтка чыгып жатканын көрдүм. Бул нерсе эффективдүү жакшы пиар. Чынында Кыргызстан кембагалдыктын, ачарчылыктын зонасына тездик менен кирип баратканын байкоо кыйын эмес. Пандемия тууралуу айткан жокмун. Тагыраагы Америкалыктардын шайлоого катуу даярданып жатышканын байкаткан белгилерин айтып жатам. Алар  активдүү гана  болбостон ичинен киришип баштады. Негизинен алар бул кырдаалды курчутуп, төңкөрүшкө чейин алып барышка бел байлап жатышат. 2010-жылдагы сценарийдегидей көрүнүштү кайталагылары келип жатат. Тагыраагы, Ош коогалаңы, референдум, Текебаевдин шектүү Конституциясы, Роза Отунбаеванын  президентти.  Мындайча айтканда, Отунбаеваны эч ким шайлаган деле эмес.  Прицеп менен америкалыктар сүйрөтүп келип  коюп коюшкан. Эгерде схема иштей турган болсо,  күндөрдүн бир күнүндө ошол нерсени кайталаганга эмнеге болбосун. Кайталашат. Карагылачы, Клара Сооронкулова аркылуу атайын партия түзүштү. Ушул бренд. Ал партия Азаттык Матраимовго каршы чыга калгандан кийин эле пайда боло калды. Бул нерсенин түпкү максаты президент Жээнбековду бутага алгандан кабар берет. Муну туура түшүнүштү дагы ошол эле жерден “реакция” аттуу митинг жасашты.

Кокусунан эле бир ай мурун жаңы “Реформа” деген партия пайда кылышканы америкалыктардын катачылыгы болуп калды. Бул жерден алар терең ойлонбой жаңылып калышты. Анткени, мезгилинен мурун башты чыгарып, кулагын  көрсөтпөш керек эле. Көрүнө калабыз деп билинип калышты. Эртерээк пайда боло калган партия эч нерсени түшүнбөгөн сотцеттеги балдар кыздар,  митинг алардын башчысы  Клара Сооронкулова экени байкалып калды. Бирок, бул ирет да анын сөздөрү туура болуп чыкты. Алар “шайлоого барабыз. Мурунку чакырылыштагы депутаттарды парламентке киргизбейбиз” деген маселе көтөрүшүүдө. Албетте, Сооронкулованы бул сөздөрү акылдуу сөздөр. Ал баарына жага турган сөздөрдү табат. Анткени, бул сөздөрдү баары уккусу келет. Бирок,  анткени менен бул учурда мен башка нерсени  айтат элем. Клара эже хайп жасап жатат .

Мен Президенттин пресс-секретарына боорум ооруп шылдыңдап карачумун. Кечээ менин көз карашымда ал өтө таамай хайп тууралуу сөз айтып койду. Отуруп чыккан Раушан  Айткулованын элдердин өлүмү үчүн президентти сотко берем деген билдирүүсүнө президенттин пресс –секратары мыскылдап жооп берип койду. Роза Айткулова да  кимдир бирөөнүн запаста турган оюнчуларынын бирөөсү экени анык. Президентти пандемия боюнча сотко берем деп баштаган иши да жакшы. Көптөр кол чаап жакшы кабыл алышты. Бирок, бул жерде президентти парламент гана иштен четтете алаары эч кимдин оюна келген жок. Президент өз колу менен дайындаган Башкы прокурор, президентти кантип иштен четтете алмак эле. Пандемияны Жээнбеков алып клген жок да. Ал турсун Америкалыктар да алып келген эмес. Ошондуктан, мунун аракети хайп эле болуп калды.

Ошондой эле хайпты биздин Ассоль Молдокматова деген акылы жок, бирок сулуу кыз да жасап жатат. Аны ММКдагылар теледива деп аташат экен. Ал пиар кыла турган сулуу. Кээде  балкондон ырдайт. Бирде туруп балкондон, кээде туруп чечендердин брилианттарына мактанат. Бир туруп Путинге бара калат. Дайыма эле жалбырттап эле кадрдын алдында жүрөт. Оо, бул албетте кооз көрүнүш. Айткулова кадрдан көрүнбөгөнү менен шоусу Ассолдукундай эле. Бирок, башкача түрү. Клара Сооронкулова ММКда бир нече жолу айткан. “Бул жерде эч кандай саясат жок. Биз акыйкаттыкка жетели деп жатабыз. Бизди кырдаал  мажбурлап жатат” деп бир нече жолу айткан. Бирок, тереңирээк үңүлсөк алжактан эмне чыгат. Принципиалдуу Клара Сооронкулова керектүү агымды өзүнүн партиясына ушунчалык тартканы байкалат. Клара Сооронкулова буга чейин мүчө болгон “Улуттар Биримдиги “деген өлкөдөн качып кеткен Мырзакматовдун партиясы болгон. Анын артынан криминал менен байланыштуу, мыйзамсыз баюу иштери боюнча иш козголгон. Андай  адамды Клара не кылат эле. Сенин досуң ким экенин айт, мен сенин ким экениңди айтып берем дегендей эле кеп да. Кырдаал салыштырмалуу  тынч эле болчу. Пандемияда деле нааразылыктар күч эмес болчу. Сотцеттерде гана айтылбаса, жалпы элди көтөрүлгөн деле  нааразычылык жок эле  болчу.

Менин версиямда вирустун оор агрессивдүү түрүн таштады. Эки жерде эки канча экенин ойлоно турган болсо, анын күлкүсү келет. Балким бизди олутту кабыл албастыр. Эмне үчүн дегенде бизге кандайдыр аба ырайын, атмосфераны аныктай турган коркунучтуу  фонд түзүп жатканы байкалат. Ошонун арты менен элди бийликке каршы кылып, алдындагыларды окко тосуп алып,  төңкөрүштүн арты менен бийликке барууга даярданып жатышат. Ошон үчүн массалык өлүмгө ким күнөөлүү дегенди  ошол эле активисттер да, башкалар да сөөмөйү менен көрсөтүп жатат. Баласын жоготкон эне деле  атасын жоготкон бала, бир тууганынан айрылгандын баары күнөөлүүнү жок кылгысы келип, ызырына башташты. Булардын баарынын артында АКШ турат. Бул версияга ишенбесек кабыл албай деле койсок болот. Буга ишенүү же ишенбөө ар кимдин өз эрки. Бирок, баарыңарды мээңерди иштетүүгө чакырып кетем. Ар бир болуп жаткан нерселерге анализ кылып көрүшүбүз керек. Вирус кандайдыр бир убакыт өткөндөн кийин басаңдаш керек эле. Тескерисинче, күч алып жатат. Бул башкача вирус. Мунун максаты Кыргызстанда бийликти алмаштыруу болуп жатат. Президенттер асмандан келип түшпөйт. Аларды бирөөлөр алып келип коёт. Сооронбай Жээнбеков дайыма сыйынып жүргөн Аллахтын эрки  менен эмес, саясаттын арты менен болду. Бул чоң саясатты  конкреттүү адамдар жасашат. Мына өзүңөр карап көргүлөчү. Ошондой  тымызын саясат  жасаган а адамдарды  биз көрбөйбүз. Алар ушундай ыплас иштерди жасашат. Баарынын өзүнүн орду бар. Өкмөттүн шалаакылыгы, саламаттыкты сактоо министрлигинин ишти жөндөй албаганы, гум жардамга келген акчаларды ар ким жеп алып, жоголуп кеткени  эч ким деле жаңылык эмес. Бирок, бул ушул нерселерди көбүртүп, жабыртылып айтылганы кимдир бирөөгө пайда алып келип жатат. Ушундан башка нерсени көргүлөрү келбей ушуга гана басым жасап жатышат. Булар жетекчиликтин жөндөмсүздүгүн өзүнүн пайдасына колдонуп гана тим болбостон, алардын баардыгын тетири кайрап, хайп да кылып жатат. ММКлар болсо, Соростун адистеринин коркунучтуу нерселерин утуру чыгарып жатышат. Кыргызстандын элинин 80 пайызын пандемия каптады деген маалыматтарды таратып, элдин психологиясын талкалап, мээсинен айнытып, коркунучка кептеп жатышат. Анткени, коронавируска караганда  коркунуч оңой тарай турган нерсе экен. Ошол коркунучтун арты менен кооптуулук жараткан багытка кетип жатышат. Бирок, ал туура багытпы же туура эмес багытпы ошол жагы маселе жаратат. Социалдык тармактарда канадалыктарды лаборатория курганга киргизбей коюшту. Алар мындай абалда лабораториядан изилдеп, сунуштарды иштеп чыгышмак деген пикирлер айтылууда. Кайсыл жагына тартып баратканы түшүнүктүү.

Ассол Молдокматова, Раушан Айткулова жана Клара Сооронкулованын баары балакет баскан күнү хайп жасап жатышат. Ар кимиси ар түрдүү жол менен. Булардын ичинен эң эле мээси жогу кеңкелеси Ассол. Ал эч кандай куру кыйкырыктарга чакырыктарга  алынган жок. Эң акылдуусу өзүн сактап элди сазга тартып баратат. Бул сазда АКШнын биолабораториясы, АКШнын аскердик базасы жана Баткендеги машыгуучу базасынан башка нерселердин баары болот. Бир гана биздин мекенибиз болбой калат.

Елена Адееванын калемина таандык https://paruskg.info/ сайтынан NazarNews.kg сайты кыргызчалады

Булак: NazarNews.kg

Последние новости