www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Хакерлер Instagram социалдык тармагын талкалап кирип, смартфондогу маалыматтарды оңой алышы мүмкүн. Тиркеменин мындай кемчилигин Check Point Software Technologies компаниясы аныктаган.
Хакерлер алгач электрондук почтага, WhatsApp тиркемесине жана башка жолдор менен зыяндуу файлды кетирет. Эгер катталуучу аны өзүнө сактап алса, хакер Instagram тармагын көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк алат. Анын арты менен телефондогу номерлерди жана камерадагы файлдарды көрүп, колдонуучу кайда жүргөнүн байкай алат.
Мындай кемчилик Instagram сүрөттөрдү көчүрүү үчүн колдонгон Mozjpeg —JPEG JPEG декодеринде табылган.
Check Point программалык камсыздоону үзгүлтүксүз жаңыртып турууну жана жеке маалыматтарга уруксат сураган тиркемелерге көңүл бурууга кеңеш берген. Кайсы бир учурда телефондогу номерлерге жана геолокацияга мүмкүнчүлүк берүүдө жакшылап ойлонуу керектигин эскертишкен.
Булак: NazarNews.kg