www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тыюу салынган «Хизбут-Тахрир» ДЭУ мүчөлөрү кармалды. Бул тууралдуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

2020-жылдын 27-июнунда УКМК тарабынан диний-экстремисттик уюмдун жашыруун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Нарын облусунун ИИБ менен биргеликте, «Хизбут-Тахрир» ДЭУ аялдар канатынын активдүү мүчөлөрү, КР жарандары А.Э.А., Б.К.М., А.Г.А., А.А.А., И.М.К. жана М.А.Б. кармалышты. Жашаган жерлерин тинтүү учурунда экстремисттик мүнөздөгү китеп, «Хизбут-Тахрир» ДЭУ камтыган материалдарды пропагандалоого, электрондук маалымат алып жүрүүчү (планшет, ноутбуктар, телефон сим- карталар) жана жазуусу бар күндөлүктөр табылып алынды.

Ал материалдар атайын экспертизага жөнөтүлдү. Аталган факт сотко чейинки өндүрүшкө КР Кылмыш-жаза кодексинин 314-беренесинин 2-бөлүмү (Экстремисттик уюмду түзүү) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Нарын шаардык №24 убактылуу кармоочу жайына ячейканын уюштуруучулары кармалды.

Тергөө жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости