www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы хижама (кан алуу процедурасы) ыкмасы тууралуу адистин пикирин жарыялады.

Буга чейин бир катар кыргызстандыктар социалдык тармакта хижама ыкмасы менен пневмония жана коронавирусту айыктырса болорун айтып чыгышкан.

Хижама ыкмасы, ал кайсы учурда колдонулаары тууралуу Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, медицина илимдеринин доктору, профессор, Кыргызстандагы кан тамыр хирургиясынын негиздөөчүсү Мамбетакун Намазбеков айтып берген.

"Хижама ыкмасын илгери ата-бабалар адамдын кан басымы жогорулап кеткенде гана колдончу. Башка ооруларга пайдаланылчу эмес. Акыркы убакта бул ыкма көрсөтмөсү барбы, жокпу, айтор, бардык ооруларга карата колдонулуп жатат. Эгерде адамдын кан басымы 200дөн ашып кетсе, дарылоо жакшы натыйжа бербей калса, ошол убакта канды чыгарып, хижама кылса болот. Бирок аны медицина кызматкери көзөмөлдөп турушу керек. Бөйрөктүн кан тамыры бүтөлүп калып, кан басым көтөрүлгөн учурда хижама ыкмасы жардам бербейт. Себеби бул жакта гормондук бузулуу болуп жатат. Мындан улам кан чыгарып, чыгарбаганына карабай баары бир кан басымы ордуна келбейт. Ал бөйрөктөгү кан тамырларды алмаштыруу жолу менен гана жөнгө салынат", — деген адис.

Намазбеков коронавирус жана башка оорулардын баарын хижама аркылуу дарылай бергенге болбой турганын кошумчалаган.

"Бул медицинанын тилине дагы туура келбейт. Хижама жасалган учурлардын көрсөтмөлөрү өзүнчө. Ал кан басымы көтөрүлгөн убакта, айрым учурларда гана колдонулушу керек. Бирок көп санда эмес. Аны жасаган адам сөзсүз түрдө медицина кызматкери болушу абзел. Азыркы учурда хижаманы молдолор, көзү ачыктар, медицина илимдери боюнча түшүнүгү жоктор жасап жатат. Ал эми медиктердин арасынан бир дагы адистин бул ыкманы колдонгонун көргөн жокмун", — деди профессор.

Эске сала кетсек. Кыргызстанда коронавирустан каза болгондордун саны 147ге жетсе, пневмония март айынан бери 497 адамдын өмүрүн алды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости