www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Рошткалин районунун Тавдем айлындагы жана Хорог шаарындагы окуяларды атайын топ иликтей баштады. Топко Тажикстандын Башкы прокуратурасынын кызматкерлери жана жарандык коом өкүлдөрү кирди.

​25-ноябрда тажик күч түзүмдөрү Тоолуу Бадахшан облусунун Шохдар айылында атайын операция жүргүзүп, жергиликтүү тургун Гүлбиддин Зиебеков жок кылынган. Андан кийин жүздөгөн адам Хорог шаарындагы облустук администрациянын имаратынын алдына чогулуп, Зиебековду өлтүргөн күч кызматкерлерин жазалоону талап кылышкан.

«Озоди» радиосунун өз булактары кабарлагандай, атайын топтун мүчөлөрү ишти Макаров пистолетин иликтөөдөн башташты. Расмий маалымат боюнча Зиёбеков аны менен атайын операциянын катышуучуларына ок чыгарган. Маркум барымтага алуу жана бийлик өкүлүнө күч колдонуу айыбы менен издөөдө жүргөн. Бирок Зиёбековдун туугандары анын эч качан куралы болбогонун айтышкан.

Өз булактар Тавдем жана Хорогдогу иликтөө иштери кеминде эле эки айга созуларын билдиришүүдө.

28-ноябрда Тажикстандын Хорог шаарында 4 күн уланган нааразылык акциясы токтоп, чогулгандар тараган. Бийлик Гулбиддин Зиёбековдун өлүмү боюнча объективдүү тергөө жүргүзүүнү да убадалаган. Тергөөнүн жүрүшүнө 44 жарандык активист көз салып турмай болгон. Мындан тышкары Хорогдо абал жөнгө салынгандан кийин эки күндүн ичинде интернет байланышы кабылына келтириле турганы айтылган.

Бул арада Хорогдун жашоочулары азыркыга чейин Интернет жок экенин билдиришүүдө. Айрым маалыматтарга караганда, интернет бир катар мамлекеттик мекемелерде жана Тоолуу Бадахшан облусундагы эл аралык уюмдардын имараттарында гана иштеп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости