www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Денау шаарындагы Indenim соода борборундагы жарылуудан 65 үй зыянга учурады. Бул тууралуу Сурхандарыя облусунун башчысы Тура Боболов билдирди.

Акимдин айтымында, жарылуунун кесепетинен алты үйдүн дубалдарынан жарака кетип, жашоого мүмкүн болбой калган. Боболов зыянга учураган үй ээлерине бийлик жардам берерин билдирди.

Алдын ала маалыматтар боюнча жарылуу имаратта газ приборлорунун узак мөөнөткө иштешинен жана ысып кетишинен чыккан болушу ыктымал.

Буга чейин Indenim соода борборунда жарылуу 7-декабрга караган түнү болгону кабарланган. Расмий маалымат боюнча эки киши өлүп, тогузу жаракат алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости