www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстандын Кашкадарыя облусундагы Карши шаарынын тургуну үй-бүлөлүк чырдан улам өзүнө жана 80 жаштагы атасына өрт коюп, андан экөө тең каза болду. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя 17-майда түштөн кийин болгон. 1974-жылкы тургун биринчи топтогу майып атасы менен урушуп кеткен.
«Уруштун натыйжасында ал желим шишедеги бензинди өзүнө жана атасына чачып жиберген. Аны токтотуш үчүн артынан кирген келининин жана бир тууганынын эки кичинекей баласынын көзүнчө ширеңкени күйгүзүп, өзүн жана атасын өрттөп жиберген. Натыйжада экөө тең алган жарааттарынан улам каза болду», - деп айтылат Башкы прокуратуранын расмий маалыматында.
Булак: NazarNews.org