www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Киев соту Петр Порошенкону эркиндикте калтырды

19-январда Киев соту Украинанын мурдагы президенти Петр Порошенконун бөгөт чарасын карап, өзүнүн жеке кепилдиги менен эркиндикте калтырды. Мындан тышкары сот аны жалпы жарандык паспортун тапшырууга милдеттендирди.

Айыптоо тарап Порошенкону камакка алууну өтүнсө, адвокаттар ага карата эч кандай чара көрбөөнү талап кылышкан.

Мурдагы президентке мамлекетке чыккынчылык жасаган жана терроризмге көмөктөшкөн деген айып тагылууда. Тергөөнүн версиясына ылайык, ал 2014-жылы президент болуп турганда Донбасстагы орусиялык жикчилдерден көмүр сатып алуу менен мыйзамды бузган. Өз кезегинде адвокаттар иштин материалдарында эч кандай далилдер жок экенин билдирип жатышат. Порошенко өзү бул аракеттерди азыркы президент Владимир Зеленскийдин өч алуусу деп атоодо.

Порошенко Киевге Варшавадан 17-январда учуп келген. Ал Орусиянын агрессиясына каршы туруу үчүн жарандарды өзүнүн саясий фигурасынын айланасына биригүүгө чакырган.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости