www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге саясатты жыйыштырып иш менен алектенүүгө кеңеш берди. Ал эки аткаминерди - бирөөнү жамандай бербей, саясатка кийлигишпей иштөөгө чакырды.

Байсалов буга теригип, азыр депутаттын ар бир сөзүнө макул боло бере турган өкмөт жок экенин айтты. "Сиздин ар бир кеңешиңиз биз үчүн өтө баалуу. Бирок мен учурда саясат менен алектенем. Урматтуу депутаттар, "сиздердики чын, ар бир сөзүңүздөрдү аткарабыз" деген мурунку өкмөт жок азыр. Биз эл шайлаган президент Садыр Жапаровдун программасы менен иштейбиз. Аны сиздер менен чогуу теңата аткарабыз. Биз бул жерде жөн жерден таяк жечү балдар эмеспиз. Мындан ары андай болбойбуз. Мамлекеттик саясат менен алектенебиз", — деди Байсалов.

Андан соң Масалиев ортоңку микрофонго чыгып, жаман ойдо кеңеш айтпаганын, депутаттар менен айтышуунун кажети жоктугун билдирди. "Кеңешти кандай кабыл алуу өзүңөрдөн", - деп сөзүн жыйынтыктады депутат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости