www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) тынчтык орнотуу күчтөрү Казакстандан толук чыгып кетти. Бул тууралуу 19-январда Казакстан Коргоо министрлигинин Эл аралык кызматташтык департаментинин башчысы Олжас Хусаинов билдирди.

"Бүгүнкү күндө Казакстандын аймагында чет өлкөлөрдүн аскерлери жок", — деди Хусаинов.

Казакстанда суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынчтык митингдери 2-январда башталып, кийин өлкөнүн башка аймактарына жайылган. Кийин ал башаламандык жана талап-тоноолор менен коштолгон. Эң негизги тополоң Алматы шаарында болгон.

Буга байланыштуу 6-январга караган түнү казак президенти Касым-Жомарт Токаев "террордук коркунучту жөнгө салуу" деген жүйө менен ЖККУдан жардам сураган. 6-январда Орусиянын аскерлеринин алгачкы бөлүгү Казакстанга келип түшсө, 7-январда уюмга кирген Армения, Беларус, Тажикстан жана Кыргызстандын тынчтык орнотуу күчтөрү барган.

Токаев 11-январда мажилисте сүйлөп жатып уюмдун аскерлеринин негизги миссиясы аяктаганын, өлкөдөгү абал турукташып калганын айткан. Аскерлер 13-январдан баштап чыгарыла баштаган жана жараян 10 күнгө чейин созулары кабарланган.

Акыркы расмий маалыматтар боюнча тополоңдо каза болгондордун саны 227 кишиге жетти. 10 миңдей адам кармалып, 700дөй кылмыш иши козголгону кабарланды.

Булак:NazarNews.kg 

Последние новости