www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украина менен АКШнын сейрек кездешүүчү металлдар боюнча келишимине каршы нааразычылык акциясы шаршемби күнү Киевдеги Америка элчилигинин имаратынын жанында өтүп жатат, деп билдирет украиналык УНИАН агенттиги.

"Киевдеги АКШ элчилигинин алдында "Украинадагы пайдалуу кен байлыктарды казып алууга байланыштуу оор келишимге" каршы аз сандагы адамдар катышкан нааразычылык акциясы өтүүдө. Нааразы тарап келишимдерди согуш аяктаганга чейин кийинкиге калтырууну жана аларга коопсуздук кепилдиктерин кошууну талап кылышууда", – деп айтылат УНИАН агенттигинин Telegram-каналында жарыяланган билдирүүдө.

Агенттик жарыялаган видеодо акциянын бир катышуучусу АКШ президенти Дональд Трампка ишенүүгө болбойт деп айтып, анткени ал Украинадан "үч жолу баш тартканын" белгилеген. Элчилик имаратынын жанында полиция кызматкерлери күзөттө турушат.

Шейшемби күнү британиялык Financial Times гезити Киев АКШ менен сейрек кездешүүчү металлдар боюнча жаңы келишим шарттарына макул болгонун жана Вашингтон 500 миллиард долларды ушул жол менен кайтарып алуудан баш тартканын жазган. Гезиттин маалыматына ылайык, Владимир Зеленский алдыдагы жумаларда Вашингтонго барып, Трамп менен минералдык ресурстар боюнча келишимге кол коюу аземине катышышы мүмкүн. Франс Пресс агенттиги жогорку даражалуу украиналык чиновникке шилтеме берип, Киев АКШ менен минералдык ресурстар боюнча келишимди 28-февралда Вашингтондо кол коюшу мүмкүн экенин кабарлаган.

Последние новости